Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

“Эл сөзү” гезитине коркутуулар болду


Аталган гезиттин жооптуу редактору Адилет Кеңеш уулунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн кечке маал Олимпиадалык оюндун күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиевдин тарапкерлерибиз деген жыйырмадай бала келип, гезиттин башкы редактору Сапар Мырзакуловду өлтүрөбүз деп коркутушту.
Анын айтымында, “Эл сөзү” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында “Канатбек Бегалиев биздин редакторду өлтүрөбү?”-деген макала чыккан.
“К.Бегалиевдин тарапкерлери бул макалага нааразы болушуп башкы редакторду жазалоого редакцияга келишти”-дейт Адилет Кеңеш уулу.

Бул маселе боюнча Канатбек Бегалиев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG