Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Ошто күчү 3-4 даражага жеткен жер титирөө катталды


Бул маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматов “Азаттыкка” тастыктады. Ал жер титирөөнүн очогу Кытайда катталып, Ош жана Жалал-Абадда 3-4 даражада сезилгенин кабарлады. К.Абдракматовдун айтымында, Ош облусунун Алайкуу районунда жер силкинүүнүн күчү 5-6 баллга жетип, үйлөрдөн жаракка кетиши ыктымал. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG