Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Ошто коомчулук өкүлдөрү менен жолугууда


Оштогу абалды тынчтандыруу үчүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында, облустук жана шаар жетекчилиги атайын топ менен шаардын тегерегиндеги аймактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы “Фрунзе” базарындагы базарлар талкаланып, ресторан, кафелер өттөлгөн. Учурда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы атайын топ түзүп, түндө болгон окуяны иликтеп жатат. Шаардын коменданттык саат киргизилген бөлүктөрүндө аскер жаан милиция топтору күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG