Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Оштогу коогада набыт кеткендердин саны 40ка чукулдап барды


Саламаттык министрлиги билдиргендей, өткөн түнү Ошто жана шаарга танапташ эки райондо чыккан кагылыштарда 37 кишинин өмүрү кыйылды, 500дөн ашык киши жараат алды, 50сүнүн абалы оор. Өткөн түнү топтошкон жаштар өз ара ок атышып, дүкөндөрдү, машиналарды өрттөшкөн. Айрым бийлик өкүлдөрү миңдеген киши тартылган коога мушташтан башталганын айтышууда. Рейтерс агенттиги Оштун Черемушка ооданында негизинен өзбек улутундагы жарандар жашаган жеке менчик үйлөр өрттөнүп жаткандыгын кабарлады. Тополоңдор боюнча тергөө жүрүп жатат. Башкы прокуроратура тополоңго тийешеси бар деп шектелген Ош шаарынын төрт тургуну кармалганын, каза болгондордун ким экендиги текшерилип, өрттөлгөн имараттардын чыгымдары такталып жаткандыгын маалымдады. Ошко Орусиядан жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдан гуманитардык жардам катары берилген дары-дармектер жөнөтүлүүдө. Бишкектен 50 чакты дарыгерлер Ошко жөнөп жатат. (JCH)

XS
SM
MD
LG