Аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев шаар башчынын биринчи орун басары Тимур Камчыбековго таянып кабарлашынча, учурда Геологдор шаарчасында атышуу болуп жатат. Маалыматка караганда, номуру жок унаа минип, бет кап кийген белгисиз адамдар шаардын ар кайсы бурчуна барып ок чыгарып, бүлүк салуу менен элди бири-бирине кайраштырууда. Шаар башчынын биринчи орун басары бул адамдар кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жалданган болушу мүмкүн деген ойдо. Шаар бийлиги жана милиция өкүлдөрү ар кайсы улут өкүлдөрү менен жолугушуп, элди тынчытуу аракетинде. Шаар ичине башка аймактардан келген куралчан топтор да кирип кеткени айтылууда. (SM)