Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Москва Кыргызстанга гумжардам гана бере алат


Орус өкмөтүнүн маалымат катчысы Наталя Тимакова Кыргызстандагы кырдаал өлкөнүн өз иши экендигин белгилеп, «Орусиянын бул абалга кийлигишүүсүнө ылайыктуу шарт жок» экендигин кошумчалады. Бирок катчы Орусия гуманитардык жардам көрсөтүп, жарадарларды алып кетүүгө катыша алаарын билдирди. Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Орусиядан аскердик жардам сураган. Оштогу кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып жаткандыгын белгилеген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева орус президенти Дмитрий Медведевге кайрылып, Кыргызстан «үчүнчү өлкөлөргө» да кайрыла тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG