Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

АКШ "Бритиш Петролиумга" кысымды күчөтүүдө


АКШ өкмөтү Мексика булуңунун түбүндөгү авариялык скважинадан аккан мунайды токтотуу үчүн “Бритиш Петролиум” компаниясына улам чоң кысым көрсөтүүдө. 12-июнда АКШнын чек ара кызматынын башчысы адмирал Жэймс Ватсон компанияга кара майдын агуусун 48 саатта токтотууну талап кылган катты жөнөттү. 20-апрелде деңиздеги платформада болгон авариядан кийин бургуланып жаткан кенден агып жаткан мунай АКШнын түштүгүндөгү Луизиана, Миссисипи, Алабама жана Флорида штаттарынын жээк сууларына жана табиятына чоң зыян келтирди. Бул маселени ишемби күнү АКШ президенти Барак Обама Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG