Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Мобилизация жөнүндөгү декрет күчүнө кирди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Кечээ кол коюлган “Кыргыз Республикасында жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө” аттуу декреттин аталышы өзгөртүлүп, ал “Кыргыз Республикасында мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө” деген аталыш менен күчүнө кирди. А.Бекназаров аталган декреттен “жарым-жартылай” деген сөздү алып салышканын, эми өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн аскерге жарактуу жарандарга чакыруу жөнөтүлөөрүн, чакыруу алгандар келип кызмат өтөөгө милдеттүү экенин маалымдады.

Анын айтымында, эң оболу кызмат өтөө тууралуу чакыруулар мурдагы аскер кызматкерлерине, ооган согушунун ардагерлерине, мурда аскер кызматын өтөгөн адамдарга жөнөтүлмөкчү. Ошондой эле ал, эми Кыргызстан тыштан аскерий жардамы жок эле өлкө ичин турукташтырууга, мобилизация аркылуу чыңалган абалды басууга толук күчүн жумшай турганын, жакынкы арада кырдаал көзөмөлгө алына турганын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG