Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Эртең менен Ош шаарынын айрым жерлеринде атышуулар уланды


Областтык комендантура Ош шаарынын Ош кичи районунда атышууларда соода түйүндөрү өрттөлүп, бир нече киши жараат алгандыгын бышыктады. Түштүктө түн тынч өткөн. Ош шаарынын жетекчилеринин маалыматына ылайык, ички аскерлер шаардагы абалды толугу менен көзөмөлгө алды. Түн ичинде белгисиз адамдар “Өзбекстандан куралчандар келатат” деген маалыматтарды телефон аркылуу таркатышкан, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты четке кагып, кыргыз-өзбек чек арасы толук көзөмөлдө экендигин бышыктады. Чагымчыл билдирүү таркатан, оор кылмыштарды жасаган деп шектелген бир нече киши кармалды. Убактылуу өкмөт коопсуздукту жана тартипти сактоо зарылчылыгы болгондо, тартип коргоочуларга жана армияга ок атууга уруксат берген декрет кабыл алды.

XS
SM
MD
LG