Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Адыл Бакиев: Баарына эле Бакиевдерди айыптай берген туура эмес


Мурдагы президент Курманбек Бакиев башка маалымат булактары аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү тополооң окуяларга тиешеси жок экенин билдирди.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев башка маалымат булактары аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү тополооң окуяларга тиешеси жок экенин билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Адыл Бакиев “Азаттык” менен байланышка чыгып, Оштогу тополоң окуяларды Бакиевчилер уюштурду деген айыптоолорду жалган маалымат катары четке какты.


- Адыл мырза Кыргызстандагы окуялардан кабарыңыз бардыр. Ушул окуяларды Бакиевдер уюштурган деп Убактылуу өкмөт билдирип жатат?

- Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды, оор кырдаалды күнүгө эле тынбай гезиттерден, телевизордон билип жатабыз. Россиялык каналдардан, “Азаттыктан” угуп атабыз. Аябай жаман болуп жатат, канча адам өлүп жатат. Ушунун баарына Бакиевдер күнөөлүү деп айта берген туура эмес да. Курманбек Салиевич өзү дагы, биздин башка бир туугандар дагы, эч качан эки элдин ортосунда, кыргыз менен өзбектин же башка улуттун ортосунда мындай согушту кылбайт болчу. Эгерде ошол жерде биздин президент Курманбек Салиевич өзү болгондо кылдырбайт болчубуз муну. Бир нерсе болсо эле, жер титирөөбү же башка нерсе болсо эле ошол Бакиевдер кылып жатат деп айта берген туура эмес. Убактылуу өкмөт бизди эле жамандап, бизге эле түртө бербестен, ошол Бишкекте эле турбастан, Ош, Жалал-Абад баарын кыдырып, эл менен жолугушуп, мурун эле, башталып атканда эле токтотуп койсо болмок.

- Кан төгүү 7-апрелден башталбадыбы. Ошол жерде снайперлер Бакиевдин буйругу менен аткан октон канчалаган адамдар каза тапты деген маалыматты өзүңүздөр деле уктуңуздар.

- Өкмөт кечке эле ошентип айта берсе, эл деле ошентип ойлоп калат да. 7-апрелде деле Бакиев снайперлерди коюп аттырган эмес. Ак үйгө бараткан кишилердин артынан аткан, эми аны мен талашкым келбейт сиз менен, мен эксперт эмесмин. Эми аны өзгөчө бир экспертиза кылса болмок. Мына бүгүнкү болуп аткан окуяларга дагы биздин тиешебиз жок. Канчалаган адам өлүп атат, андан көрө ошону токтотууга Убактылуу өкмөт дагы, башкасы дагы колдон келишинче жардам бериши керек. Ким менен сүйлөшсөк дагы айтып атабыз, андай кылбагыла, атышпагыла деп. Бири-бириңерди аткыла деп деп эле өзүнүн элине ким айтсын. Душман да өзүнүн элине айтпайт антип.

- Андай болсо эмне үчүн из жашырып кеттиңиздер?

- Мен чет мамлекетке иш сапарга чыккан бойдон кире албай калдым. Кайра киргизбей коюшту. Мен ошентип башка жакта жүрөм. Башкасы да ошентип жүрөт. Муну убактылуу өкмөттөн сураш керек.

- Сиздин Кыргызстанга киришиңизге ким каршы болду бийликтен?

- Элдин баары эле билет. Чек арачылар да, башкасына деле кармагыла дешип. Азыр барсак эле мына булар уюштурганы келди деп. Жакшы сөз айтмак беле.

- Бакиевдерди кармаганга жардам бергендер үчүн акчалай сыйлык коюлуп жатпайбы. Ошондуктан сиздер эл алдына келгениңиздер оң го, таптакыр эле качып кете албайсыз дар го?

- Эгерде биздин күнөөбүз болсо башка сөз эле. Алар Кыргызстандан кууп, Бакиевге караштуунун баарын, тиешеси жогун деле ошондой кылып атпайбы.

- Максим менен Жаныш Бакиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин ушул кандуу тополоңду алар уюштурган деген ой кетпедиби элге. Ошол эле убакта сырттан үчүнчү күчтөр уюштурду деген пикир айтылууда. Сиз кайсынысына кошулат элеңиз?

- Мен ага эч качан кошула албайм. Биз эч качан андай жаман иштерди уюштурганга барган эмеспиз, барбайбыз дагы.

- 7-апрелде үй-бүлөлүк кылмыштуу режим кулады деп Убактылуу өкмөт билдирип келатат. Сиз К. Бакиевдин бийликтен кетишинин себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Мен үй-бүлөлүк башкаруу, андай-мындай дегенге кошула албайм. Ар бир адамдын акыл-эси, деңгээли бар да. Мен деле окугам, иштегем эл үчүн. Үй-бүлөлүк башкаруу деп эле кайра-кайра сайрай берсе, туура эмес да. Биз жети бир тууган болсок, ар кимибиз өзүбүздүн жумушубузду аткарганбыз. Баардыгы жогорку билимдүү. Анан Бакиевдин бийлигин кулаттык деп эле кайра-кайра айта берген туура эмес. Бакиев Курманбек Салиевич тапшырды бийлигин. Мына башкасы келди, элди башкарсын, элдин турмушун оңдосун.

XS
SM
MD
LG