Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Иран Евробиримдик санкциясын "жүйөсүз" деп эсептейт


Ирандын тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Ирандын ядролук программасына байланыштуу кошумча санкция киргизүү чечимин “жаңылыштык жана жүйөөсүз” деп атады. 14-июнда Биримдиктин тышкы иштер министрлери соода-сатык, банк, инвестиция, жаңы технология жаатында, Ирандан деңиз жана аба аркылуу жүк ташууда Тегеранга каршы санкция жарыялоону оң тапкан. Бул чечимди Евросоюздун лидерлери апта соңунда бекитүүгө тийиш.

Удаа эле Биримдиктин Тышкы иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон Иран менен ядролук сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылган. Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Рамин Мехманпарасат шаршемби күнү Эштон айым “бир нече мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганын, бирок анын сунушу каралып жатканын” билдирди. Өткөн аптада эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга жаңы санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG