Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Тажикстан Баткенге 180 тонна гуманитардык жардам жөнөттү


Тажикстан каатчылык каптаган Баткен облусуна 180 тонна гуманитардык жардам жана базар баасынан 20 пайыз арзан ун бермей болду. Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн «Азаттыкка» билдиришти.

Маалыматка караганда, тажик өкмөтү жиберген гуманитардык жардамдын ичинде 100 тонна ун, 10 тонна пахта майы, 20 тонна жашылча жемиш, 30 тонна күрүч жана 10 тонна күйүүчү май бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG