Алар Өзбекстанга качып кетип жаткан жеринен кармалганын Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ош шаар боюнча 33, Ош облусунда 12, ал эми Жалал-Абадда 14 кылмыш иши козголуп, бул иштер боюнча жалпысынан 43 адам кармалганын маалымдады. Андан сырткары дайынсыз жоголду деп 15 арыз түшкөн, алардын ичинде 2 МАИ кызматкери бар.