Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Оштун айрым аймактарында кырдаал курч бойдон


Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз улутундагы атуулдардан турган моно аскер топторун көрүп чочуган өзбек улутундагылар арасында ар кандай чагымчыл иштер байкалууда. Ошол себептүү Он-Адыр, Шарк, Шайыт-Дөбө айылдарында абал дале болсо чыңалган бойдон турат. Бул үчүн Т.Исмаилова шаар бийлигин, мэрия жана Бишкектен барган чиновниктерди бирдиктүү иштегенге чакырат. Мындан сырткары ал гумжардамдын ачык-айкын эмес бөлүштүрүлбөй, айрым жерлерге такыр эле жетпей жатканына нааразы болууда.

XS
SM
MD
LG