Белорус 21-июнга чейин газ үчүн карызын төлөбөсө, Россия газ берүүнү 85 процентке азайтат. Бул жөнүндө өкмөттүк “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллер Санкт-Петербургда билдирди.
Миллердин айтымында, “калган 15 процент газ - Белорус топтолгон карыздарын толук төлөгөнчө газ куурларынын токтобой иштеп туруусуна мүмкүндүк берет”.
“Газпромдун” өткөн айда маалымдашынча, жыл соңуна Белорустун газ үчүн борчу 600 миллион долларга чыгып кетиши этимал.
16-июнда президент Медведев жума аягына Минск карызын төлөбөсө, Белоруска газ берүү азайтыларын эскерткен.