Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Жапония Ооганстандагы кендерди иштетет


Ооган президент Хамид Карзай Токиодо расмий сапар менен жүрөт. Ал Жапониянын Ооганстандын тоо кен тармагына инвестиция салышын кубаттаарын айтты. Ооганстанда темир, алтын, жез жана кобалтка бай кендер көп. Жапония Ооганстандын ири донорлорунун бири. 17-июнда Карзай Жапония берген жардам өлкөнү калыбына келтирүү жана тынчтык орнотуу максатында пайдаланат деп, өкмөт башчы Наото Канды ишендирди. Жапон бийлиги Ооганстанга жөнөтүлгөн жардам өкмөттөгү коррупцияланган адамдар тарабынан максатсыз пайдаланышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген эле.

XS
SM
MD
LG