Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Баткен: Сох анклавында транзиттик каттам калыбына келе элек


Бул тууралуу облустук акимчиликтен бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, Баткен облусун өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырып турган жолдо жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынан Кыргызстан атуулдары үчүн тарнзиттик каттамдарга уруксат бериле элек. Мындан сырткары Баткен районунун жогорку аймагында жайгашкан 8 айылдын жашоочулары да район борбору менен байланышууда айланма жол менен жүрүп жатат.

Өзбекстан Сох анклавына кирип-чыгууну Ош шаарында баш аламандык башталган учурда бир тараптуу токтотуп койгон. Ошол күндөн бери анклавга Кыргызстан жарандарынан кирген чыккандарга тыюу салган.(JsA)

XS
SM
MD
LG