Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

АКШ Кыргызстанга колдон келишинче жардам берет


Бул тууралуу Вашингтондогу басма сөз жыйында Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули билдирди:

-Менимче өткөн дем алыш күндөрү Убактылуу өкмөткө биз жолдогон кайрылуу коопсуздук жаатындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн колдон келгендин баарын жасоо, Кыргызстандын бүткүл элинин ишенимине кайрадан ээ болуу жөнүндө болду жана биз мурдагыдай эле колдон келишинче жардам беребиз.

Филип Кроули бул сөздөрдү АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйктин Өзбекстан менен Кыргызстандагы соңку сапарын комментарийлеп жатып айтты. Блейктин Бишкектеги сапарына тушташ АКШ түштүктөгү окуяларга байланыштуу Кыргызстанга 32 миллион доллар өлчөмүндө жардам көргөзөрү жарыяланган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG