Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Роза Отунбаева: Ар бир жарандын добушу Кыргызстандын тагдырын чечет


Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева улуттук үналгы жана сыналгы аркылуу чыгып элге кайрылуу сөз менен сүйлөп, шайлоочуларды 27-июндагы референдумга келип, элдик талкуудан өткөн Конституциянын долбооруна активдүү добуш берүүгө чакырды. Өлкөнүн түштүгүндө кара ниеттер кан төгүп, оор кырдаал түзүлгөнүнө карабай, Убактылуу өкмөт референдумду уюшкандыкта өткөрүү, шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу, качкындардын кайтып келиши, талкаланган, өрттөлгөн үй-жайларды, имараттарды калыбына келтирүү боюнча чукул чараларды көрүп жатканын билдирди. Чыр-чатак чыккан аймактарды калыбына келтирүү үчүн Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн айтты. Жаңы Конституция өлкөнү Бакиев курган авторитардык режимден сууруп чыгып, мамлекеттин эгемендиги чыңдала турган, адам укугу урматтала турган прогрессивдүү жана келечектүү өнүгүү жолуна саларын белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө тартипти орнотуу зарыл экенин, жаңы Конституцияны кабыл албай жана мыйзамдуу мамлекеттик түзүмдөрдү түзбөй туруп буга жетишүү таптакыр мүмкүн эмес экенин белгилеп, "кымындай кечеңдетүү, буйдалуу кайра кайткыс олуттуу кесепеттерге алып келүүчү учурга келип калдык" деп билдирди. "Ар бир жарандын добушу Кыргызстандын тагдырын чечерин" эскертип, “бирөөнүн кысымысыз, бурмалоосуз жана алдоосуз жаңы Конституция үчүн добуш берүүнүн тарыхый шартын колдон чыгарбашыбыз керек”,-деп баса белгиледи Р. Отунбаева.

XS
SM
MD
LG