Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:15

Укук коргоочулар Т.Исмаилова жана А.Абдрасулова сурак берүүдө


Учурда “Жарандар коррупцияга каршы” жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери Т.Исмаилова жана А.Абдрасулова Ош облустук прокуратурасында сурак беришүүдө. Укук коргоочулардан тергөөчү Алмаз Малаев сурак алууда. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, укук коргоочуларга Нариман айылындагы курмандыктар саны боюнча айрым ММКларга жарыяланган маалымат боюнча суроолор берилүүдө.

Укук коргоочулар Нариман айылындагы атайын операцияда 4 адам өлүп, 39 адам жарадар болгонун кабарлашкан. Бирок ошол күнкү алдын ала маалыматтар боюнча укук коргочу Азиза Абдрасулова жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине түшкө карай 2 адамдын өлгөндүгү тууралуу маалымат берген. Бирок ал маалымат 2 эмес 20 деген сан менен чыккан.

Укук коргоочуларга Кара-Суу районунун Нариман айылындагы курман болгондор боюнча так эмес маалымат тараткан деген кине коюлууда. (EK)

XS
SM
MD
LG