Жакында эле “Айкөл Эл” партиясын түзгөн Эдил Байсалов билдирүү жасап, Убактылуу өкмөт толук курамы менен кызматтан кетиши керектигин талап кылды. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Жалпы элдик референдум өттү. Эми жаңы президент катары Роза Отунбаева жеке өзү техникалык өкмөттү түзүп, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары кызматтарын таштоосу керек.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсү көтөрүп аткан Мыйзам чыгаруучу ассамблея түзүү идеясы – мамлекеттик бийликти узурпациялоо болуп саналат. Э.Байсаловдун пикиринде, Убактылуу өкмөт өз мандатын жасалма жол менен узартуу аргасын кылбоосу, башка партиялар менен бирдей абалда парламенттик шайлоолорго баруусу керек.
Буга чейин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү референдумдан кийин мыйзам чыгаруучу функцияны аткарган ассамблея түзүү идеясын айтып чыгышкан. Парламенттик шайлоо бүткөнгө чейин ал ассамблея Жогорку Кеңештин ролун аткарып турары айтылган. Р.Отунбаева болсо мыйзам чыгаруучу ассамблеянын курамына 7-апрелден кийин бийликке келген партиялар кирерин айткан. (IJz)