Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Тажик президенти Кыргыз президентин куттуктады


Тажикстандын президенти Имомали Рахмон Кыргызстандын жаңы ишке киришкен президенти Роза Отунбаевага куттуктоо телеграммасын жиберди. Телеграммада Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен кошуналык, кызматташтык салтын улаарын белгилеп, Кыргызстандагы кырдаал турукташып, укуктук жолго түшөөрүнө, ал кызматташтыкты кеңейтүүнү шарттарына үмүт арткан. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы "Азаттыкка" маалымдады.
Буга чейин Отунбаеванын президенттик укуктарынын бекитилиши менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Түркиянын президенти Абдулла Гүл куттуктаган.
27-июндагы референдумдун негизинде президенттик кызматка 3-июлда расмий киришти.(BuS)

XS
SM
MD
LG