Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Израил Байдендин тынчтык планына көнөбү?


Израил Вашингтондун тынчтык планына көнөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Израил Вашингтондун тынчтык планына көнөбү?

Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун жардамчысы Израил АКШ президенти Жо Байден сүрөөнгө алган тынчтык планына жалпы жонунан макул болгонун билдирди. Ал арада ЦАХАЛ Газада операциясын улантып, дүйшөмбүгө караган түнү кеминде 19 палестиналык набыт болгону кабарланды.

Жекшембиде Нетаньяхунун жардамчысы Офир Фалк долбоорго алымча-кошумча киргизүү зарылдыгын, Израил барымтадагыларды бошотуу, ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун түп тамыры менен жок кылуу шарттарынан баш тартпаганын белгиледи.

“Биз макул болгон келишим – жакшы келишим эмес, бирок биз барымтада отургандардын бардыгын бошотууну каалайбыз”, - деп айтты Фалк британиялык Sunday Times гезитине берген интервьюда.

Коалициядагы ашынган оңчулдар ХАМАСка каршы катаал чара көрүү каралбаган макулдашуу кабыл алынса, өкмөттөн чыгып кетерин эскертишти. Ал эми барымтага алынган израилдиктердин жакындары жекшембиде Иерусалимдеги жүрүштө Нетаньяхуну Байдендин планына көнүүгө үндөштү.

Жо Байден Газада ок атууну токтотуу долбоорун 31-майда сунуш кылган:

"Ушу тапта ХАМАС дагы бир 7-октябрды ишке ашырууга кудуретсиз болуп калды. Бул Израил азыркы согушта көздөгөн максаттардын бири болчу, адилет максат деп ойлойм. Израилде мындай планга каршы чыккандар, согушту улантууга чакыргандар бар. Айрымдары атүгүл өкмөттүк коалицияга кирет. Алар Газаны оккупациялап алууну каалашат, күрөштү жылдап улантышарын айтышууда, барымтадагылар алар үчүн артыкчылык эмес. Мен Израилдин жетекчилигин кысым-басымга карабай, тынчтык планын колдоого чакырдым".

Рафах. 28-май, 2024-жыл
Рафах. 28-май, 2024-жыл


Байдендин айтымында, үч баскычтан турган долбоор Израилдин сунуштарына негизделген. Биринчисинде тараптардын жарашуусу, согушкерлер кармап турган израилдиктердин бир тобун кайтаруу каралган. Андан кийин урушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана барымтадагылардын калганын бошотуу сунуш кылынган. АКШ президенти өзү да планды толуктоо керектигин кошумчалаган.

Ал эми ХАМАС буга чейинки маалыматтарга караганда, америкалык лидердин демилгесин кубаттаган.

Ал арада дүйшөмбүгө караган түнү Газанын туш-тушуна сокку урулганы кабарланды. Кабар агенттиктери тилкедеги "Европалык ооруканага" шилтеме менен маалымдагандай, соккулардын бири Хан-Юнис шаарындагы турак үйгө тийгенде 10 киши каза тапты. Дагы алты палестиналык Бурейж качкындар лагеринде набыт болгонун "Ал-Акса шейиттери" ооруканасы билдирди.

"Жарылуунун добушун уккандан кийин кыйроолорду көрүп таң калдым. Алар эмнени көздөшөт? Тынч адамдарды өлтүрүүнү максат кылышабы? Аларды жер жүзүнөн жок кылып жатасыңар. Кудай бар. Үч кабат үй жер менен жексен болду. Кадимки куралды эмес, өзөктүк куралды колдонушууда. Бул – бейкүнөө, уктап жаткан кишилердин кыргыны", - деп айтты Рейтер агенттигинин кабарчысына Газанын тургуну Абу Сулейман ал-Бреим.

Израилдин чабуулунан улам жер которгон палестиндердин Египет менен чектешкен Рафахтагы убактылуу лагери. Май, 2024-жыл
Израилдин чабуулунан улам жер которгон палестиндердин Египет менен чектешкен Рафахтагы убактылуу лагери. Май, 2024-жыл

Радикал топ башкарган Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталгандан бери дээрлик 36 жарым миң кишинин өмүрү кыйылганын жекшембиде билдирди.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ ошол эле күнү тилкеде операцияны улантып жатканын маалымдап, видеолорду тараткан. Аскерлер Рафахта палестиналык согушкерлерди жок кылышканын, соккулар жоочулардын буталарына “таамай” урулганын, бир топ курал-жарак табылганын кошумчалады.

Былтыр 7-октябрда радикал топ Израилге кол салганда 1200 киши каза тапкан, 250дөн ашуун кишини барымтага алышкан. ХАМАСтын колунда азыр 100дөй киши кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG