Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Франциянын парламенти хижаб маселесин талкуулоого киришти


Мусулман аялдарынын бети-башын чүмкөгөн кийимдерине тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун төмөнкү палатага юстиция министрлиги киргизген эле. Министр Мишел Альо-Мари депутаттар алдында чыгып сүйлөп, хижаб же паранжа француз мамлекетинин секулярдык мүнөзүнө каршы келерин белгиледи. "Бирге жашоо деген башкалардын сага караганына макул болуу дегенди, сүйлөшкөн адамдын өңү-жүзүн көргөнгө мүмкүндүк берүү дегенди билдирет", -деп айтты министр. Жалпы Батыш Европадагы эң ири мусулман жамааты Францияда – беш миллион адамдан ашат. Бирок мусулман аялдарынан болгону эки миңдейи гана бетин чүмкөп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG