Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү четинен кете баштады


Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү алдыдагы шайлоолорго катышуу үчүн кызматтарын тапшырып четинен кете баштады. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев 14-июлда кызматтан кетерин бүгүн жарыя кылды. Ушундай эле арызын Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев президентке бүгүн жолдоду.

14-июлда ээлеген кызматын расмий тапшырып берерин бүгүн маалымат жыйында билдирген Темир Сариев мындай чечимин алдыдагы шайлоолорго катыша турганы менен байланыштырды. Ал муну шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу аракети катары эсептейт:

- Бардыгына бирдей шарт түзүш үчүн биз аткаруу бийлигинен кетебиз. Шайлоого барса да, барбаса да кетиш керек деп айтып жатабыз.

Т.Сариев шайлоого өзү жетектеген “Ак шумкар” партиясынын атынан катышмакчы.

Өлкө президенти Роза Отунбаева алдыдагы жасалчу алгачкы кадамдардын бири – техникалык өкмөттүн курамын бекитүү жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо экенин билдирген. Шайлоо күнү такталган соң Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кызматтарын таштай тургандыгын оозеки айтышканы менен, азырынча өз позицияларын ачыкташа элек.

Соңку маалыматтарга ылайык, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев да бүгүн ээлеген кызматынан кетүү боюнча арызын Р.Отунбаевага жолдоду. Ал мындан аркы иш-аракеттери туурасында кененирээк эртең, 13-июлда маалымат берери айтылууда.

Башында шайлоого катышпайм деген пикирин билдирген Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамабевдин да шайлоого даярдык көрүп жатканы айтылууда. Бирок өзү бул тууралуу расмий жарыя кыла элек.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов, азырынча техникалык өкмөттүн курамына кимдер кирери тууралуу маалымат айтыла электигин, бул маселе ушул аптада чечилерин кабарлады:

- Азырынча Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов эч кандай билдирүү жасай элек. Роза Отунбаеванын айтымында, жаңы адамдар кызматын таштап кеткендердин гана ордуна дайындалат, ал эми иштеп жаткандар өз иштерин уланта беришет.

“Улуу биримдик” партиясынын лидерлеринин бири, Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев шайлоого барар-барбасын
азырынча чече элек:

- Ал маселе боюнча биз чечим кабыл ала элекпиз. Бул маселе бир-эки күндүн ичинде чечилет го. Негизинен Шайлоо кодексинин киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык президент мөөнөттү 10-июлдан 5-августка чейин жарыялаганга мүмкүнчүлүгү бар,-деди Эмил Каптагаев "Азаттыкка".

Ушул тапта министр же облус жетекчилигинин милдетин аткарып жаткан кайсы бир партиянын мүчөлөрү кызматын тапшырып кетүү Убактылуу өкмөттүн 14 өкүлүнө гана тиешелүү деген пикирлерин билдиришүүдө.

Жакында эле “Эгемен Кыргызстан” деген партиясын түптөгөн Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов да азырынча кызматын таштабай турганын билдирди:

- Мунун баары партиянын курултайында чечилет. Эгер партия катышасыз десе, анда мен мыйзамдын чегинде кызматымды таштайм. Эгер партия башкача чечсе ошого карата аракеттерди көрөм. Азырынча ушундай иштей беребиз.

Ал эми Азимбек Бекназаров кимде ким шайлоого катышса, ал кызматын сөзсүз ташташы керектигин айтып келет. Өзү болсо шайлоого катышар-катышпасын жакында түзүлгөн БЭК партиясынын курултайы аныктарын айтып жатат. Ал эми курултай 20-июлда болору айтылган. Убагы келгенде кызматын таштай тургандардын катарында коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков да бар.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн катарынан социалдык тармакты тейлеген мүчөсү Элмира Ибраимова, ички иштер министринин милдетин аткарып келген Болот Шер жана аппарат жетекчиси Эдил Байсалов кызматын тапшырган болчу.

Ал эми парламенттик шайлоонун мөөнөтү 10-октябрда болору болжолдонууда. Бирок бул тууралуу расмий жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG