Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Ош облустук коменданты кызмат абалындагы тартипти бекемдөөгө буйрук кылды


Ош облустук коменданты Бактыбек Алымбеков “Кызмат абалындагы тартипти жакшыртуу боюнча чаралары” тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу облустук комендатуранын басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Маалыматка ылайык комендант Ички иштер органдарынын, коргонуу министрлигинин, прокуратура, чек ара жана баажы кызматтарынын жетекчилерине кызмат абалындагы тартипти бекемдөөгө буйрук кылды. Себеби, коменданттык күзөт маалында акыркы бир жума ичинде эле милиция кызматкерлери тарабынан 66 кызмат эрежелерин бузуу фактылары катталган. Мындан тышкары ички иштер кызматкерлеринин жол эрежелерин сакташына карата жүргүзүлгөн текшерүүдөн улам 10 административдик протокол түзүлүп, 11 кишиге эскертүү берилген. (EK)

XS
SM
MD
LG