Бүгүн Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев министрликтердин, административдик мекемелердин, борбордук органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешме учурунда биринчи вице-премьер-министр техникалык өкмөттүн жаңы өкмөт куралганга чейин милдетин түшүндүрүп, техникалык өкмөткө чоң жоопкерчилик тагылганын, убакыт аз экенин, ал эми тез арада чечиш керек болгон маслелер абдан көп экенин баса белгиледи.
Башкы милдеттер катары Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды биротоло турукташтыруу, өлкөнү күзгө жана кышка даярдоо, парламенттик шайлоолорду таза өткөрүү сыяктуу иш-чаралар көрсөтүлдү. Андан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, тышкы сооданы жөнгө келтирүү, Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү сыяктуу маселелерди колго алуу керектиги айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)