Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары камалды


Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Темирбаев кечээ камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Адам өлтүрүү боюнча 97-берене, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы боюнча 305-берене боюнча айып тагылып, издөөдө жүргөн Н.Темирбаев Башкы прокуратурага өзү келген. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аны дароо УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

7-апрелде өкмөт үйүнүн алдындагы кандуу окуя боюнча андан тышкары Жаныш Бакиев баштаган адамдарга издөө жарыяланган. (IJz)

 

XS
SM
MD
LG