Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

3-август: Тарых барактары


1949-жылы АКШда НБА аталган Улуттук баскетболчулар ассоциациясы түзүлгөн.
1949-жылы АКШда НБА аталган Улуттук баскетболчулар ассоциациясы түзүлгөн.

Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин 1825-жылкы экспедициясынын бул күнкү сапары Ысык-Көл жээги аркылуу уланган. Ф. К. Зибберштейн Ысык-Көлдүн жаратылышына жана анын географиялык өзгөчөлүгүнө токтолуп, мындан өткөн кербен жолун сүрөттөгөн. Кыргыздардын чыгышы Кытай менен чектешкен Санташ жергесинен башталары жана мындан кербен жолу өтөрү белгиленет.

Чоң-Алай жана Кичи-Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары 1876-жылдын июль айында орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев ушул жылдын 3-августунда аларга төмөнкүдөй үч талап койгон: 1) 6 рубль көлөмдөгү бир жарым эселик зекет төлөө; 2) Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызыл суу өрөөнүнө чейин таш жол салуу; 3) Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү.

Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.

Пишпек уезддик эл депутаттар кеңешинин төрагасы А. Платов 1919-жылдын 3-августунда мындан ары кеңеш жыйындары калк үчүн ачык өткөрүлө тургандыгын жар салган. Ар жуманын шейшемби жана жума күнкү күндүзгү саат 4төгү жыйындын эшиги каалоочулар үчүн ачык деп кабарланган.

Кыргыз ССРинин КП (Б) Борбордук комитетинин II пленуму 1937-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Кыргыз коммунисттери ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз ССРинин чарбалык жана маданий өнүгүүсүн арттыруу маселесине» байланышкан токтомду талкуулашкан.

Таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын 1939-жылдын 3-августунда жазган отчетунда Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр туурасында маалымат берилет. Анын айтымында, мында б. з. ч. III кылымга таандык хунндардын көрүстөнү казылгандыгы жана андан бай тарыхый материал табылгандыгы кабарланат.

Бу күнү 1492-жылы Христофор Колумб Индияга сапар тартуу максатында Батышка беттей биринчи сүзүүгө чыгып, 1936-жылы СССР Элдик комиссарлар кеңеши ГАИ кызматын уюштуруп, 1949-жылы АКШда НБА аталган Улуттук баскетболчулар ассоциациясы түзүлүп, 1981-жылы акын Шамен Токтобаев, 1983-жылы таанымал акын жана жазуучу Шатман Садыбакасов, 1973-жылы кыргыз жазуучусу Тенти Кыдыралиев дүйнөдөн кайтышкан.

Гуманисттердин эмгегин жарыялаганы үчүн француз басмаканачысы Этьен Доле 1546-жылдын 3-августунда дарга асылган.

Немец астроному Давид Фабрициус 1596-жылдын 3-августунда биринчи болуп алмашчу жылдыз - Кит Дүйнөсүн ачкан.

Архитектор Жузеппе Пьермаринин долбооруна ылайык Милан шаарында курулган «Ла Скала» операсынын имараты 1778-жылдын 3-августунда бүткөн.

Париж консерваториясы 1795-жылдын 3-августунда негизделген.

Рим Папасы 1847-жылдын 3-августунда Орусия менен конкордат келишимин түзгөн.

АКШ Конгресси 1882-жылдын 3-августунда кылмышкер жана акылынан адашкандардын өлкөгө киришине, ошондой эле кытайлык иммигранттардын келишине 10 жылдык чектөө киргизген.

Филадельфия метросу 1908-жылдын 3-августунда ачылган.

Германия 1914-жылдын 3-августунда Францияга согуш жарыялаган.

Петрограддык чекисттер 1921-жылдын 3-августунда акын Николай Гумилевду камакка алышкан.

АКШ президенти Келвин Кулидждин инаугурациясы 1923-жылдын 3-августунда өткөн.

Шведдик «Эриксон» фирмасынын көмөгү менен Ростов-на-Донуда курулган Советтер Союзундагы биринчи 6000 номурдук автоматтык телефон станциясы (АТС) 1929-жылдын 3-августунда ишке киришкен.

Советтер Союзу менен Италия мамлекеттери 1930-жылдын 3-августунда соода келишимге жетишкен.

Италия лидери Бенито Муссолини 1932-жылдын 3-августунда пацифизмге каршы күрөшө тургандыгын билдирген.

Украина ССРинин мектептерине 1935-жылдын 3-августунда дене-тарбия сабагы киргизилген.

СССР Жогорку Кеңешинин 1940-жылдын 3-августунда өткөн жетинчи сессиясы Литва ССРинин Элдик сейми тарабынан жактырылган республиканын Советтер Союзунун курамына алыныш өтүнүчүн канааттандырган.

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши 1950-жылдын 3-августунда Кытайдын БУУга кабыл алынышын четке каккан.

Сирияда 1956-жылдын 3-августунда аскер төңкөрүшү жасалган.

Москва шаарында өткөн биринчи Эл аралык кинофестиваль 1959-жылдын 3-августунда ачылган.

Экваториалдык Гвинеяда 1979-жылдын 3-августунда аскер төңкөрүшү болгон.

Москвада өткөн XXII Олимпиадалык оюндардын жабылыш салтанаты 1980-жылдын 3-августунда болгон.

Москва шаарынын Кызыл Аянтына учагын кондурган немис Матиас Руст 1988-жылдын 3-августунда мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган.

Басма сөз бетине бейнормативдик лексиканы жарыялоого жол бергендиги үчүн «Собеседник» гезитинин башкы редактору Ю. Пилипенко 1995-жылдын 3-августунда сот жообуна тартылган.
XS
SM
MD
LG