Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Мугалим жетишсиз, жалгыз үмүт студенттерде


Жаңы окуу жылына даярданып жаткан Ош шаарындагы мектептерге 350дөн ашуун мугалим жетишсиз. Ошондон улам Ошто жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттери да мугалимдикке тартылмакчы. Мындай демилгени серепчилер колдоого алганы менен, мектеп жетекчилери студенттердин кесиптик тажрыйбасынын аздыгын айтып кейишүүдө.

Ал эми шаардык билим берүү башкармалыгы мындай практика жыл сайын колдонулуп жаткандыгын айтты.

Мурат Турдукулов
учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде математика адистиги боюнча билим алат. Ал буга чейин шаардагы мектептерге практикага чыгып, өзүнүн кесиптик тажрыйбасын өркүндөтүп келген. Эми жаңы окуу жылы башталары менен Мурат шаардык мектептердин бирине кирип, мугалим болууну ойлонуштурууда. “Айлыгы аз болсо да тажрыйбамды өстүрүү үчүн мектепте иштеп турам” дейт жаш педагог:

- Мен азыр математика адистиги боюнча 5-курска көчтүм. Буга чейин мектептерге практикага барчумун. Эми азыр бир мектепке ишке кирип, өзүмдүн тажрыйбамды өстүргүм келип жатат. Бирок айлык аз экен. Ошого карабай иштеп турайын деп жатам. Анан көрөбүз да, өлкөбүз оң жолго түшүп кетээр.

Муратка окшоп иштейм дегендерди Ош шаардык билим берүү мекемеси кучак жайып тосуп алууда. Анткени учурда шаардагы мектептерге 250гө жакын мугалим жетишсиз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаардык билим берүү мекемеси жогорку окуу жайлардын студенттерин ишке чакырууда. Аталган мекеменин башчысы Авдибали Балтабаевдин айтымында, студенттерди ишке тартууда мектептер адистер менен камсыз болсо, студенттерге тажрыйба алууга шарт түзүлөт. “Муну менен бирге студенттерге акча таап алуу мүмкүнчүлүгү да жаралат” дейт Авдибали мырза:

-Жылдын аягында 233 мугалим жетишпейт эле. Азыр дагы карап жатабыз, андан да көбүрөк болушу мүмкүн. Эми жогорку окуу жайларынын студенттерин ишке алып, бул маселени чечүүнү көздөп жатабыз. Көбүнчө ЖОЖдордун 4-5-курстарын ишке алабыз. Алар биринчиден, тажрыйба алышат, экинчиден, практикадан өтүшөт, үчүнчүдөн, өздөрүнө акча иштеп алышат.

Абдибали Балтабаев мугалимдердин жетишсиздиги июнь айындагы коогалаңга тиешеси жоктугун билдирүүдө. «Жыл сайын ушундай эле санда мугалимдер жетишсиз болуп, студенттерди жумушка тартуу бир топ жылдардан бери практикаланып келе жатат» дейт ал. Ошондой эле ал, мектепте иштеген студенттерге окуу жайлар тарабынан ар кандай жеңилдиктер берилерин кошумчалады.

- Биз жылда Оштогу жогорку окуу жайларына сураныч каттарды жазып, бир топ студенттерди өзүбүзгө ишке алабыз. ЖОЖдордун жетекчилери да бизди колдоп, мектепте иштеген студенттерге жеңилдиктерди беришет. Маселен, сабакка эркин катышуу берип, практикаларын да ошол жерден өтөөгө уруксат беришет.

Ал эми шаардагы мектеп жетекчилери ишке алына турган студенттердин билим деңгээлин айтып кейишүүдө. Оштогу №4 Киров атындагы мектеп-гимназиясынын директорунун милдетин аткаруучу Гүлнара Токтомаматованын айтымында, жогорку окуу жайынан келчү студенттер көп нерселерди билишпегени билим берүүгө чоң зыянын тийгизүүдө. “Жумушка келген кээ бир студенттердин билими окуучулардын билим деңгээлинен да төмөн болуп калууда” дейт директор:

- Студенттер келишет. Бирок алардын билим деңгээлин карап туруп уялабыз. Мен ошол билим деңгээлди биздеги 10-класстагы окуучунун билим деңгээли менен тең деп коркпой айта алам. Аларды университет кантип окутуп жатат – билбейм. Тим эле баары жалаң беш менен бүтүшөт, а бул жагы нөл. Бардыгын эмес, мен силерге бир эле кыргыз тили боюнча студенттерди айтайын. Баары 4-5ке окушат, орусча эки сөз билбейт. Бизде сабак эки тилде жүрүгзүлөт да.

Директордун айтымында, окуучуларга сабак берүүдө студенттердин убактысы да жетише бербейт.

- Сабак өтүүдө студенттердин убактысы да бизге тар болуп калат. Менин парам бар эле, менин сабагымды жылдырып коюңузчу деп жалдырашат. Анан сабактын жадыбалын өзгөртүүгө туура келет. Анын айынан өзүбүздүн мугалимдер арасында чатак жаралат. Дагы бир нерсе, студенттер сабактарын гана өтүшүп, мектептердеги башка иштерди аткаргысы келишпейт. Сабагы бүтөт, сумкасын алат да качып кетишет.

Анткен менен былтыркы окуу жылында эле 222 студент шаардык мектептерде мугалим болуп иштеген. Быйыл да көтөрүлүп жаткан мындай демилгени жергиликтүү серепчилер колдоого алышууда. Серепчи Акчач Жолдошева 5-курстун студенттерин гана ишке алууну сунуш кылууда. Анын айтымында, бүтүрүүчү курстун студенттери 4 жылдык практикадан кийин мугалимдикке даяр болуп калышат:

- Жалпы студенттер эмес, 5-курстун студенттерин мугалим кылып алышса, мен каршы эмесмин. Анткени алар 4-жыл окуп алган билимин практикада колдонуп, практикада көрүп, балдар менен иштешип, окуучулардын жекече психологиялык өзгөчөлүктөрүн түшүнүп калышкан болот. Ал эми 3-4-курстардын студенттери кадыресе мугалим болушуна али эртелик кылат.

Деген менен бир эле мезгилде мугалимдикти аркалаган студенттер мектептерде 1 жылча гана иштеп, маянанын аздыгынан кетип калышууда. Ал эмес мугалимдин эмгек акысынын төмөндүгүнөн акыркы жылдары педагогикалык адистиктерге студенттер тапшырбай жаткандыгын адистер эскертишүүдө. Айрыкча быйылкы жылы Оштогу жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистиктеринде бюджеттик орундар да толбой калгандыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG