Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Оштогу митингчилер эртең кайра чогула турган болуп тарашты


Аймактагы кабарчыбыз Эрнис Нурматов митингчилер биринчи вице-мэр Таалай Сабировдун сөзүнөн кийин эртең кайра чогула турган болуп тарап кетишкенин билдирди. Мындан мурдараак вице-мэр Бишкекте жүргөн мэр Мелис Мырзакматов менен байланышканын, ага жогорку бийликтегилер өз каалооң менен арызыңды жаз деген талап койгонун, бирок ал мен эл тараптамын деп көнбөй койгонун айтканын жарыялаган эле.

Бүгүн түшкө чейин Оштун борбордук аянтына шаар мэри Мелис Мырзакматовдун беш жүз чакты тарапкери чогулган. Ага "мэр кызматтан алынат экен деген сөздөр" себеп болгон. Кечке жуук алардын саны төрт миңге чамалады. Чогулгандар Мелис Мырзакматовду ордунда калтыруу, эгере ал кызматтан кетсе президентти кызматтан кетирүү талабы менен чыгышаарын айтып турушту.

Президенттин маалымат кызматынан болсо Мелис Мырзакматовдун кызматына байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганы тууралуу эч кандай маалымат жоктугун "Азаттыкка" билдиришти.(SM)

XS
SM
MD
LG