Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

2-сентябрь: Тарых барактары


Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн кезектеги аракети 1998-жылдын 2-сентябрында башталган.
Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн кезектеги аракети 1998-жылдын 2-сентябрында башталган.

Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун Жетисуу областынын вице-губернаторуна жолдогон рапортунун маалыматына караганда, кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү көл кылаасында падышачылык бийлик үчүн кыйла коркунуч туудурган.

Кыргыздардын козголоңун басуу максатында Яркенттен хорунжий Угрениновдун аскерлери жардамга чакырылган. Көтөрүлүштү басуу үчүн аскер сташинасы В. С. Бычковдун отряды капыстан 2-сентябрда Верныйдан көлгө келген. Аскер сташинасы В. С. Бычковдун тоолор аркылуу жасаган жүрүшү кыргыздар үчүн күтүлбөгөн операция болгондуктан, алар жапырт Текести карай сүрүлүшкөн.

Кыргыз тил жана адабият илимий изилдөө институту 1939-жылдын бул күнү кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Кылычтын баа жеткис кол жазмасын фонддун казынасына алууга жетишкен. Айтылуу акындын кол жазма түрүндөгү чыгармалары буга чейин табылбай келгендиктен алар илим коомчулугуна жетпей, беймаалым бойдон кала берген.

Молдо Кылычтын «Тар заман», «Зилзала», «Чүй баяны» сыяктуу кол жазмалары камыш калем менен жазылып, алар тери чаначка салынып, Соң-Көлдүн боюндагы мүрзөгө катылган. Баа жеткис чыгармалар 15 жыл чамалуу көздөн далдоо жерде сакталып, кийин анын мураскерлери акындын эмгектери менен илим коомчулугу таанышууга убакыт жетти деген маалда барып, аларды тил жана адабият институту алган. Анткен менен бир канча жыл өтпөй кол жазманын мазмуну «идеологиялык талаптарга» жооп бербейт деп табылып, алар «горбачевдук перестройкага» чейин Илим Академиясынын кол жазмалар казынасында катылып турган.

Москвалык СССР Осоавиахим 1-аткычтар мектебинин Борбордук кеңешинин тандалма командасы 1933-жылдын бул күнү толук курамы менен Фрунзе шаарына келген. Москвалык мергендер жергиликтүү аткычтарга куралды колдонуу ыкмасы менен тааныштырып, шыктуу мергендерге жеке машыгуу мүмкүнчүлүгүн ыроолошкон.

Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн кезектеги аракети 1998-жылдын 2-сентябрында башталган. Президент Аскар Акаев бул күнү Кыргызстан калкына кайрылып, Баш мыйзам беш пункт боюнча оңдоп, түзөтүүгө муктаж экендигин билдирген. Мамлекет башчысы сунуш кылган түзөтүүлөр кош палаталуу парламентти курууга жана депутаттык кол тийбестикти өзгөртүүгө багытталган.

Мындан тышкары жерге жеке менчик киргизилип, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынып, бюджеттик популизмди чектөө сунушу негизги маселелер катары калк талдоосуна коюлган. Кыргызстан парламентинде биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайлоо сунушу киргизилип, партиялар парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 60 депутатынын он бешин партиялык тизме менен шайлоого жетишкен.

Византия менен Русь князы Олег ортосунда 911-жылдын 2-сентябрында тынчтык келишимге кол коюлган.

Англиянын революциячыл парламенти 1642-жылдын 2-сентябрында театрга тыюу салган.

Витус Беринг жетектеген орус экспедициясы 1727-жылдын 2-сентябрында Охотскиден чыгып Камчаткага багыт алган.

АКШнын Каржы министрлиги 1789-жылдын 2-сентябрында негизделген.

Англис флоту 1807-жылдын 2-сентябрында Копенгагенди аткылай баштаган.

Сэмюэль Кольт 1834-жылдын 2-сентябрында револьверди патенттеген.

Биринчи Бүткүл орусиялык спорт олимпиадасы 1913-жылдын 2-сентябрында Киев шаарында ачылган.

Л. Д. Троцкий 1918-жылдын 2-сентябрында Кызыл Армиянын башкы командачылыгына дайындалган.

Улуу Ата Мекендик согуш оту жанып турган маалда, 1941-жылдын 2-сентябрь күнү Москва шаарында Чайковский атындагы концерттик зал ачылган.

Жапониянын капитуляцияланыш салтанаты 1945-жылдын 2-сентябрь күнү америкалык «Миссури» линкорунда өткөрүлгөн. Ошентип Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккан.

Вьетнам Демократиялык Республикасы 1945-жылдын 2-сентябрында уюшулган.

Югославия 1949-жылдын 2-сентябрында СССР менен деңиз жана аба келишимин бузган.

Советтер Союзу 1962-жылдын 2-сентябрында кубалык офицерлерди окутуп, аларды машыктыра тургандыгын билдирген.

Новосибирск шаарынын миллионунчу тургуну расмий түрдө 1962-жылдын 2-сентябрында катталган.

Бириккен Араб Республикасы 1971-жылдын 2-сентябрында тарыхый Египет аталышын калыбына келтирген.

СССР – Канада оюнунда Советтер Союзунун хоккей командасы 1972-жылдын 2-сентябрында жеңишке жетишкен.

Приднестровие республикасы 1990-жылдын 2-сентябрында түздөн-түз Москвага баш ийе тургандыгын жар салган.

Тоолуу-Карабак Республикасы 1991-жылдын 2-сентябрында Азербайжандан эркиндик алгандыгын жарыялаган.

АКШ 1991-жылдын 2-сентябрында Латвия, Литва жана Эстониянын мамлекеттик эгемендигин тааныган.

Өзбекстан 1993-жылдын 2-сентябрында кирилл ариби 2000-жылга чейин латын тамгасына алмашыла тургандыгын билдирген.

Украинанын жаңы улуттук валютасы эсептелген гривна 1996-жылдын 2-сентябрында колдонууга киргизилген.

ВГТРК холдингинин жетекчилиги 2002-жылдын 2-сентябрында РТР телеканалынын аталышын «Россия» деп өзгөрткөн.

ОРТ телеканалы 2002-жылдын 2-сентябрында расмий түрдө Биринчи канал аталышын алган.
XS
SM
MD
LG