Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Өзбекстанда кармалып турган кыргыз чек арачыларын алмаштыруу болбойт


Бул тууралуу “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысына аталган аймакта жүргөн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов билдирди. Ал бул маселе боюнча Өзбекстанга расмий кат жолдогонун, бирок ага азырынча жооп боло электигин айтты. Бирок телефон аркылуу сүйлөшүүдө өзбекстандык кесиптештери кыргыз чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өтүп, ээнбаштык кылганын билдирген. Закир Тиленов кыргыз тарап буга макул эместигин, аларды өзбек чек арачылары бейтарап аймактан кармап кеткенин кошумчалады. Чек ара кызматынын төрагасы ошондой эле аларды Кыргызстанда кармалып турган Өзбек улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү менен үч бажы кызматкерине алмаштыруу болбостугун, маселе дипломатиялык жол менен чечилээрин билдирди.
Өзбек чек арачылары 31-августтун кечинде Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицерин эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен. Алар муну мындан эки жума мурда мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын Улуттук кызматынын бир өкүлү жана үч бажы кызматкерин бошотуп алуу максатында жасаганы айтылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG