Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Парламенттин курамын кылмышка шектүүлөр толуктайбы?


(Сүрөттө: Кыргыз парламентинин жыйыны, 19.02.09)Айрым талдоочулар артында "калбыры барлар" депутат болуп келип өзүн коргогон учурлары буга чейин деле болуп келгенин айтышууда.
(Сүрөттө: Кыргыз парламентинин жыйыны, 19.02.09)Айрым талдоочулар артында "калбыры барлар" депутат болуп келип өзүн коргогон учурлары буга чейин деле болуп келгенин айтышууда.

Шайлоого бара жаткан саясий партиялардын тизмесинде мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеп жүргөн учурунда, же андан кийин кылмыш иштери козголгон чиновниктер да бар.

Буга чейин өлкөдөн чыгып кеткен андай адамдардын айрымдары талапкерлердин кол тийбестик укугунан пайдалануу менен кайрадан кайрылып келе башташты.

Нариман Түлеев Бишкекке кайтып келди
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, 2009-жылдын 16-июлу

Ошолордун бири Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев тергөө органдарына суракка чакырылды. Муну анын партиялаштары саясий куугунтук катары баалашса, айрым талдоочулар кылмышка тиешеси бар деп шектелген чиновниктер депутаттык мандат үчүн күрөшүп, жоопкерчиликтен качкан көрүнүш Кыргызстан үчүн көнүмүш адатка айланды деп белгилешүүдө. Буга чейин кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев 6-сентябрь күнү эрте менен баш калаага учуп келди. Ушул жылдын 14-майындагы Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги бийликти басып алуу аракетине тиешеси бар деп шектелген Нариман Түлеев жакында "Ата Журт" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары бешинчи болуп катталган. Ага мындан сырткары шаар башчысы болуп турган учурда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптоолор дагы тагылган. Мыйзам кылмыш иши козголгон адамга шайлоого барууга тоскоолдук кылбайт жана шайлоо өнөктүгү маалында ага карата тергөө иштери убактысынча токтотулат.

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров мыйзамдын бул талабы одоно бузулуп жатат деп эсептейт:

- Саясий куугунтук улантылып жатат. Нариман Түлеев бүгүн учуп келип конгондо эле аба майданынан эрте мененки саат бештен сегизге чейин үч саат кармап туруп койо беришти. Андан кийин аны саат түшкү экиге келип сурак берсин деген экен. Азыр ал ошол жакта жүрөт. Мыйзам боюнча талапкер болуп катталгандан кийин ага карата тергөө иштери токтотулуп туруш керек эле да. Бул деген мыйзамсыздык эмей эмне?

Мындан бир жыл илгери азыркы “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасынын бири Камчыбек Ташиевге кылмыш иши козголгон. Ага өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган учурунда мамлекеттик каражатты максатсыз жумшаган деген кине коюлуп, бирок ал иш кийин тергөөдөн кыскарган. Жакында аталган партиянын дагы бир мүчөсү Роман Шинге 2002-жылы болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда "Ата Журт" партиясынын тизмесинин калың катарын кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп кылмыш иши козголуп сурак берип жаткан мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов да толуктайт.

Шайлоого баруу - айрымдар үчүн коргонуу чарасыбы?

Мындан сырткары "Ата Мекен" партиясынан талапкер Равшан Жээнбеков мурдагы бийлик учурунда мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганда кызматтык абалынан пайдаланган деп кылмышка шектелген болчу. Аттары аталган партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси ушул күнгө карата расмий каттоодон өттү.

БШК төрагасы Акылбек Сариев
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоодон жеңип келген партиянын тизмесиндеги кылмыш иши козголгон талапкерлерге териштирүү бүткөнгө чейин депутаттык мандат берилбей тургандыгын белгиледи:

- Азыркы шайлоого бара жатышкан партиялардын тизмелеринде мындан мурун кылмыш иштери козголгон адамдар дагы киргизилген. Мыйзам боюнча биз аларды каттабай коюга акыбыз жок. Анткени алардын кылмышкер экендигин сот гана аныктайт. Соттун чечими жок болгондуктан биз аларды талапкер катары каттап, шайлоого аттанууга мүмкүнчүлүк бере алабыз. Бирок тергөө иштери аягына чыкмайын, же соттун чечими чыкканга чейин жеңип келген партиянын талапкери болсо да биз ага депутаттык мандатты бербей турабыз.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп түшкөндөн кийин ага карата кылмыш ишин козгоо өнөкөтү мүнөздүү. Ошондуктан көпчүлүк экс-чиновниктер депутаттык мандат алуу үчүн саясий күрөшкө аттанууну туура көрүшөт.

Талдоочу Табылды Акеров шайлоого баруу чиновниктер үчүн өзүн-өзү коргоонун чарасы болуп калды деп эсептейт:

-Чындыгында артында "куйругу бар" чиновниктердин көпчүлүгү шайлоого барып, депутат болуп келип өзүн коргогон учурлары буга чейин деле болуп келген. Ошондуктан ичип-жеп алып анан ага карата кылмыш иши козголуп калса депутат болуп кеткенден кийин иштери кыскарып кетип жатпадыбы. Ушул сыяктуу аракеттер азыр деле болуп жатат. Кылмыш иштерин жөндөн-жөн эле козгош кыйын. Бирок бизде аны саясий куугунтук деп кыйкырып чыгып жатышпайбы. Ошондуктан жоопкерчилик жок. Бул өзү ооруга айланды. Элдин акчасын жейт, ичет анан ашканына депутат болуп алып, эл үчүн күйгөн адам болуп чыга келген саясатчы сөрөйлөр бизде толтура. Буга кимдин ким экендигин биле албаган биздин эл өзү дагы күнөөлүү.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого баруучу партиялардын тизмелериндеги талапкерлердин өздүгү текшерилүүдө. Эгерде алардын соттолбогондугу аныкталса, мурда кийин кылмыш иши козголгондугуна карабастан шайлоого барууга мүмкүнчүлүк алышат.

XS
SM
MD
LG