Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

МАГАТЭнин инспекторлору Иранга кире албай жатат


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин билдиришинче, Иран өзүнүн ядролук программасын текшертпөө үчүн тажрыйбалуу эл аралык инспекторлорду өлкөгө киргизбей жатат. Маалымат булактарынын агенттиктин баяндамасына шилтеп кабарлашынча, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкциясына карабай, Иран март айынан бери жарды уранды байытууну 15 процентке көбөйткөн жана азыр 2,8 тонна байытылган уранга ээ. Тегерандын билдиришинче, МАГАТЭнин баяндамасы Ирандын өзөктүк технология жаатындагы жетишкендигин жана өлкө “эл аралык агенттик алдында алган милдеттенмесин аткарып жатканын” күбөлөйт.

Ал эми Ак Үйдүн өкүлү Томми Вьетордун билдиришинче, МАГАТЭнин баяндамасы “Ирандын эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатканын жана ядролук программасын өркүндөтүп, өзөктүк бомбалуу болууга жакындаганын ырастайт”.

XS
SM
MD
LG