Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

О.Молдалиев: Орусиялык борборлор ортого от жагып атышат


Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда суроолорго жооп берип, өлкөдөгү коопсуздук маселеси тууралуу ой бөлүштү.

- Бүгүн Орозо айт. 30 күндүк орозо бүтүп аткан чак. Өлкөдө, айрыкча Ош, Жалал-Абад облустарында Орозо айы бүткөндөн кийин кайрадан баш аламандыктар башталат деген сыяктуу кеп-сөздөр соңку кездери абдан күчөп кеткени байкалат. Буга байланыштуу Кыргызстандын күч органдары күчөтүлгөн режимге өткөрүлүп атат. Мындай тынчызданууларга негиз барбы ушул тапта? Ушундай кеп-сөздөрдү кайсы күчтөр таркатышы мүмкүн?

- Мындай сөздөрдү атайын уюштуруп аткан борборлор да бар. Маселен Орусиянын жанагы А.Собянин баштаган борборунун божомолу чыккан июль айынын башында. Ал божомол боюнча “20-27-июлда түштүктө жаңы баш-аламандыктар башталат, ал баш-аламандык Өзбекстандын аймагына өтөт, чатакка төрт тарап тартылат, алар Өзбекстан, Кыргызстан, Ооганстан, Тажикстан” деген божомолун жарыялап, кыргыз өкмөтүнө сунушташкан. Мобундай-тигиндей чараларды колдонгула демиш болушкан.

Булар эми атайылап элдин арасында баш-аламандыкты жаратыш үчүн жасалган божомолдор. Эми ошол борбордун башында баягы Максим Бакиев менен Максим Галкиндин айырмасын тааный албаган К.Кабилова сыяктуу адистер тургандан кийин, алардын деңгээли төмөн экенин бир карап эле түшүнсө болот. Жанагы ар качан чатактары менен белгилүү болгон А.Князев да ошол борбордо иштейт.

Ошол Орусия борбору июлда тараткан божомол ишке ашпай калганын эч ким эстебей, бат эле унутуп калып, кайра эле ошолор тараткан божомолдорго эл ишенип алып атат.

Эми алардан тышкары батыштын адистери арасында деле туура эмес пикирлерди таратып аткандар көп. Алардын арасында Борбор Азия боюнча адиспиз дегендер көп, бирок алардын арасында олуттуу, күчтүүлөрү аз болуп атат.

Мына жакында эле “Чек арасыз врачтар” деген эл аралык уюмдун, “Кыргызстанда өзбек тектүүлөргө медициналык жардам көрсөтүлбөй атат” деген маалыматы жалган экендиги аныкталып калбадыбы. Андан кийин ал уюм биздин Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жолдоп, “бул биздин пикир эмес, муну бизге шилтеме кылып бир журналист жазып коюптур” деп кечирим сурабадыбы. Бул жөнүндө деле коомчулукка кеңири маалым болбой калды тилекке каршы.

А.Князев болсо “Жакында Кыргызстандын түштүгү Палестинага айланат” деген божомолун жазып атат. Эми бул адамдардын терең аналитикалык деңгээли деле жок. Түштүккө барып мониторинг, байкоо жүргүзүшкөн деле жок. Бири-биринин ушактарын интернеттен окуп алышып эле божомол, жыйынтык чыгарып, элди дүрбөтүп атышат.

Тилекке каршы өзүбүздү массалык маалымат каражаттарыбыз, бийлик тарабынан мындай күчтөргө аргументтелген, так жооп болбой, “ж-ок, кудай сактасын, болбойт” деген сыяктуу жоопторго эл ишенбей атат.

Экинчиден эл эч убакта “болбойт” дегенге ишенбейт. “Болот” дегенге чочулайт. Бул өзү табигый нерсе. Ошондуктан алдын-ала чара көрүүнү каалашып, өзүнчө эле дүрбөлөң боло беришет. Ушул абалды пайдаланып кагылышууну кайра алып келүүгө аракеттенген күчтөр бар.

- Кыргызстандын күч органдары июнь айындагыдай окуяларды, чагымчыл аракеттерди токтотуп калууга даярбы?

- Ал чагымчыл күчтөрдү, ушактарды тараткан адамдарды кармап алыш өтө кыйын негизи. Базарларда, адамдар топтолгон жерлерде, коомдук транспортто бирөөлөр бир нерсе айтса эле бат эле тарап кетет. Ошондуктан буларды табыш кыйын. Эми мунун баары бийликке ишеним кеткендиктен болуп атат. Бул жерде Убактылуу бийликтин өзүнүн да күнөөсү болуп атат. Баланчаны жасайбыз деп туруп жасабай коюп атышат. Баарыбыз бийликтен кетебиз деп коюп, кетпей тырмышып отурушат. Ошондуктан эл ишенбей атат. Бирок өлкө аскеринин, башка күч органдарынын анча-мынча коркунучту бат эле басканга күчү, тажрыйбалары да жетет.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG