Бул маалыматты Ирандын англис тилдүү мамлекеттик сыналгысы кабарлады. Шурддун актоочусу Масуд Шафией “Рейтерс” агенттигине маалыматты тастыктап, анын кардары Тегерандын Эвин түрмөсүнөн чыккандыгын айтты. 32 жаштагы Сара Шурд дагы эки мекендеши менен 2009-жылдын июль айында Ирандын Ирак менен чектеш аймагында кармалган. Алар өлкөгө мыйзамсыз кирген жана тыңчылык деген негизде айыпталып түрмөгө отургузулган. Иран бийлиги Шурддун ден соолугуна байланыштуу 500 миң доллар күрөө төлөнсө бошотулаарын билдирген. Шурддун үй бүлөсү мынча акча табуу өтө кыйын болгондугун билдирди.