Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити жыйынтыкталды


Түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити, Стамбул, 16-сентбярь.
Түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити, Стамбул, 16-сентбярь.

Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын Стамбулдагы 10-саммити аяктады. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити” делгени менен, анда орус тили үстөмдүк кылганын жергиликтүү маалымат каражаттары байма-бай талкууга алды.

Саммиттин жыйынтыгына баа берген Түркиянын президенти Абдулла Гүл, анын жүрүшүндө боордош өлкөлөрдүн башчылары өз ара кызматташтыкты мындан ары жогорку тепкичтерге көтөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алышканын жана бул алкакта көп тармактуу кызматташтыктын механизмдери иштелип чыкканын билдирди.

- Саммит учурунда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында Түрк-ишкер кеңешинин түзүү, түрк маданий мурасын коргоо үчүн Бакуда фонд түзүү жана 2012-жылы Астананы Түрк маданий борбору катары жарыялоо тууралуу чечим кабыл алдык.

Президент Абдулла Гүлдүн айтымында, саммит учурунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүү болушунун 20 жылдык маарекесин өткөрүү үчүн кийинки жылы Ашхабадда ири фестивал уюштуруу тууралуу лидерлер орток пикирге келишкен.

Саммиттин суроо-жооп бөлүмүндө котормочулардын жетишсиздигинен улам президенттер орус тилинде сүйлөшүүгө аргасыз болушкан. Бул жагдай кабарчыларды абдан таң калтырып, котормо жасалчу бөлмөгө баш багышкан:

Журналист: Түркчө билесизби?
- Жок
Журналист: Англисче билесизби?
- Жок

Ал жерде бир түрк котормочу сөзгө аралашып “негизи Кыргызстанда түркчө билген киши аз эмес. Автобуста же базарда кыргыздар дароо түркчө биз менен саламдашат” десе, түркиялык журналист “анда бул жерге келген журналисттер гана түркчөнү билишпейт турбайбы” деп жооп кайтарган.

Саммит учурунда өз ара ар тармактагы мамилелерди өнүктүрүүнүн механизмдери иштелип чыгып, атайын бир катчылык түзүлгөнүнө карабастан орток тил маселеси дагы бир топко тараптарды түйшөлтө турган шекилдүү.

Саммиттин аягында түрк ишкерлери жана өнөр жай ишмерлеринин ТУСКОН уюму уюштурган жыйынга ардактуу конок катары чакырылган президент Роза Отунбаева Кыргызстан ушу тапта Түркиянын мурдагы президенттеринен Тургут Өзалдын үлгүсүндөгү система менен башкарыла баштаганын билдирип, “бул жараяндын жүрүшүндө инвестициялары жана калкынын колдоосу менен биздин эң башкы досубуз болуп келген Түркиянын ишкерлери бизге мынан ары дагы колдоо көрсөтүшсө жакшы болмок. Алар үчүн Кыргызстан эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берет” деди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн алгачкы саммити 1992-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG