Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Баткен: чек ара сүйлөшүүсүндө Өзбекстан уттубу?


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ өндүрүүчү ишканасы.
Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ өндүрүүчү ишканасы.

Ушул жумада кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын башчылары Баткенде жолугушуп, тараптар бирден чек ара бекеттерин ачмай болушкан. Бирок айрым жергиликтүү тургундар сүйлөшүүдө маселе өзбек тараптын пайдасына чечилгенин айтышууда.

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара колбашчылары 22-сентябрда Баткен облусунун аймагында жолугушуп, чек ара өтмө бекеттеринде жаңы өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууларга кол коюу менен эки тарап мурда жабык турган бирден өтмө бекеттерин ачмай болушту.

Кимге пайда, кимге зыян?
Бул келишим 99,9 пайыз Өзбекстандын пайдасына чечилди деп айтса болот. Себеби “Девайран” бекетине биз анчалык эле муктаж эмеспиз. “Газпром” чек ара бекетинен болсо Өзбекстан бизге бир топ көз каранды эле. У. Кочкоров

Баткен облустук бийлигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргызстан тарап “Газпром”, кошуналар болсо Сох анклавынын ичиндеги “Девайран” чек ара бекетин ачмай болгон.

- Ошол жолугушуунун жыйынтыгында Сох районундагы “Девайран” чек ара бекети жана биздин аймактагы “Газпром” чек ара бекети ачылды. Бирок “Газпром” бекетинен биздин эл каттабайт, ал жер Өзбекстандын жарандары үчүн гана. Ал эми “Девайран” бекетинен биздин жарандар өтүп турушат.

Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ өндүрүүчү ишканасы.
Кыргыз тарап ачып бермей болгон “Газпром” чек ара бекети Баткен облус болуп түзүлгөндөн кийин Бүргөндү аймагындагы Өзбекстан иштетип турган мунай жана газ өндүрүлүүчү аймакты жана ал жердеги кен иштетүүчү техникаларды сактап калуу максатында жабылган болчу.

2000-жылдары ошол аймактагы абалды иликтөөгө алган мурдагы коопсуздук кызматкери Улукбек Кочкоров аталган жолугушууда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбады, өзбек тарап акыркы айларда ар кандай амалдарды жасап, “Газпром” бекетин ачууга жетишти деп эсептейт:

- Бул келишим 99,9 пайыз Өзбекстандын пайдасына чечилди деп айтсам болот. Себеби мына “Девайран” бекетине биз анчалык эле муктаж эмеспиз. Ал эми “Газпром” чек ара бекетинен болсо Өзбекстан бизге бир топ көз каранды эле. Ошол жер аркылуу биз кошуналарды сүйлөшүүлөргө чакыра турган бир жакшы рычагыбыз бар эле, ал алынып калды. Акыркы эки өлкөнүн ортосундагы аскер кызматкерлерин барымтага алып, аны алмаштыруу, Сох анклавына чектөөлөрдү киргизүү амалдары аркылуу кошуналар ушул келишимди өздөрүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылышты. Жыйынтыгынан көрүнүп турат...

Өзбекстан кен кудуктарын жараксыз абалда таштап кеткен

2000-жылдары Бүргөндү аймагындагы газ-мунай өндүрүлүүчү мекемени Кыргызстанга өткөрүп алууда 194 кудуктун 190ну жараксыз абалда болгон. Иштеп турган эки кен бургулоочу жайды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси болсо кийинкиге калтырылып, ошол бойдон чечилбей келген. Өткөн айда президент Роза Отунбаева ошо мезгилде өткөрүлбөй калган “Түндүк Сох” жана “Чоңгара-Галча” мунай бургулоочу жайларын өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган.

Президент Р. Отунбаева Баткендин ошол газ чыккан Бүргөндү аймагында, 2010-жылдын 29-июлу.
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Улукбек Кочкоров кошуналар кыргыз президентинин ошол жарлыгынан кийин мүмкүн болушунча аймакта калган техникаларын алып кетүү жана көзөмөлсүз каттап, калган кен кудуктарын да жараксыз абалга келтирип алуу үчүн ушул максаттарын ишке ашырып жатканын айтат:

- Биз ошону 2000-жылы барып изилдеп көргөндө 194 кудуктун 190нун жарактан чыгарып, тетиктерин жараксыз кылып, 1,5 чакырым тереңдиктеги кудуктун ичиндеги куурларды алып коюп, кудуктардын баары ташка толтурулган абалда бизге өткөрүп беришкен. Эми иштеп турган калган эки кудукту өткөрүп алабыз деп айтылгандан бери Өзбекстан ошол жердеги жабдыктарын алып чыгып кетүү максатында ар кандай амал менен ушул келишимге жетишип алышты. Мен корккон жерим, буларды да жараксыз абалда өткөрүп бериши мүмкүн.

Кыргызстанга мурда өткөрүлгөн 190 кен кудугун калыбына келтирүү үчүн ар бирине 20 млн. сомдон талап кылынары айтылган. Азыркы убакта Өзбекстан тарап Бүргөндү аймагынан суткасына 20 тоннадай мунай өндүрүп турушат. Жергиликтүү бийлик кошуналар бул жерди иштеткени үчүн аймакка төлөй турган салык карызы эле 500 млн. сомдон ашканын, кен байлыктарды иштеткенин кошо эсептегенде Өзбекстандын Кыргызстанга болгон карызы 1 млрд. 800 млн. сомго жеткенин айтып келет. Бул карыздарды төлөө боюнча облус бийлигинин Өзбекстанга жолдогон каттары жоопсуз калып келүүдө.

XS
SM
MD
LG