Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

"Dе-факто" гезити кайра чыгат


Бул тууралуу аталган гезиттин редактору Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” курган маегинде билдирип, чыгармачыл жамаат кайрадан топтолорун жана даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, шайлоо алдында бир нече партия кызматташууну сунушташкан, бирок белгилүү себептерден улам алар менен иштешүүдөн баш тартышкан. “Бирок кайрадан баарын башынан баштоо оңой эмес. Гезитти кайра чыгарууга абдан көп каражат керек. Бул гезиттин артында бай кожоюн жок, өз демилгебизди өзүбүз ишке ашырабыз. Азыр эл аралык уюмдарга долбоор жазып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз”,-дейт Ч. Орозобекова.

2008-жылы К. Бакиевдин бийлиги маалында туура эмес маалымат таркатты деген айып менен "Dе-факто" гезити жабылган болчу. Оппозициялык маанайдагы ишмердүүлүгү үчүн “Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова бийликтин кысымына кабылган соң үй-бүлөсү менен Швейцариядан баш паанек суроого аргасыз болгон. (ES)

XS
SM
MD
LG