Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

К.Ташиевге таандык саналган аудио, видео боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевге таандык деп таратылган аудио, видеоматериалдардын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда кылмыш иши Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык, аймактар аралык касташууну көкүткөн деген негизде козголууда. Аны “Ата-Журт” партиясынын жетекчилеринин бири К.Ташиевдин өлкө түштүгүн кыдыруу маалында сүйлөгөн сөздөрү деп, аудио тасмалардын интернет аркылуу таратылышы шарттады. Тасмада саясатчынын түндүк-түштүк маселесин козгогон жана мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу пикирлери берлген.
“Ата-Журт” партиясы муну карандай калп, жөн эле каралоо деп жатат.
Ошол эле мезгилде 7-апрелде каза болгондордун жакындары тасмаларды кескин сындап, Бишкекте нааразычылык акциясын өткөрүштү, кечке жуук “Ата-Журт” партиясынын кеңсесине кирип барышп, партиянын айрым документтерин, үгүт кагаздарын өрттөп жиберишти. Окуя болгон жерге барган милиция кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. (IJz)

XS
SM
MD
LG