Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ош: “добушубуз - тынчтык үчүн!”


Оштогу өзбек тектүү жарандар 27-июндагы референдумга добуш берүүдө, 2010-жыл.
Оштогу өзбек тектүү жарандар 27-июндагы референдумга добуш берүүдө, 2010-жыл.

Тынчтык жана коопсуздук – мына ушуга Ош шаарындагы өзбек тектүү жарандар алдыдагы парламенттик шайлоодо өз добушун айырбаштоого даяр.

Жабыркагандар саясатчыларга жөн эле добуш берүү эмес, чыны менен кепилдик сурап жалбаарып турган чагы.

Элияр июнь окуясынын айынан жогорку окуу жайга тапшыруу планын бир жылга артка сүрдү. Себеби талкаланган үйдүн ордуна жаңы там салуунун негизги милдети Элиярдын мойнунда:

- Азыр биз эки бөлмөлүү үй салып жатабыз. Ноябрга чейин тургузуп бүтөбүз деп ойлойм. Окууга быйыл тапшырат болчумун, бирок июндагы коогалаңдын айынан тапшырбай калдым. Курулушту бүтүрүшүбүз керек.


Элиярдын апасы Шырманай эже жана атасы Эркин аке Ош окуясын сабырдуулук менен жеңе билдик дейт.

Шырманай: Үч кыз бир уулум бар. Кыздарым үйлүү-жайлуу болушкан. Кенже кызымды «улуу сүйүү улут тандабайт» деп кыргыз балага бергенбиз. Күйөө балам кыргыз.

Шырманай эже күйөөсү Эркин аке менен бул мааледе үлгүлүү үй-бүлө катары таанымал. Андыктан алдыдагы шайлоого катышууга тууган урук, кошуналар бизди угат деген үмүттө.

Шырманай: Биринчи орунда шайлоо тынч өтүшүн каалайбыз. Партияларды бири-бири менен ынтымакта болуусун каалайбыз. Шайлоого албетте барабыз. Үй-бүлөмдөн сырткары, мен мааленин аялдар кеңешинин мүчөсү болгондуктан кошуна-колоң, туугандарды айта барам.

Эркин: Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Кыргызстан эксперименттик мамлекет болуп калды. Бул нерсенин жакшы жагы биз бир катар кошуналардан алда канча алдыда баратканыбызда. Мен кыргыз элин эркиндикти сүйгөн эл катары жакшы көрөм. Мына эки ыңкылапты баштан кечирдик. Бирок бийликке келгендер дароо эле элдин мүдөөсүн унутуп, тоталитардык режимге ыктап кетишет. Азыр Кыргызстанды «Кандай болуп кетет экен? Парламенттик башкаруу орнойт бекен?» - деп КМШ өлкөлөрү гана карап турбастан, бүтүн дүйнө көз салып турат. Мен ойлойм Борбор Азиядагы өлкөлөргө биз үлгү болобуз деп ойлойм.

Чыны менен шаардын тургундары алдыдагы парламенттик шайлоо күнү жана андан аркы мезгилде тынчтыкты үмүт этип турушат. Демек элдин добуштары бир гана коопсуздук үчүн берилмекчи.

XS
SM
MD
LG