Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура К.Бакиевдин жакындарынын мүлкүн камактан чыгарган прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Кубанычбек Сабыров “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакындары В.Белоконь, М.Надель, Т.Турдумамбетов, Е.Гуревич жана башкалардын мүлкү менен банк эсептерине коюлган камак айрым прокуратура органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан негизсиз алынган деп аныктаган. Натыйжада мындай чечимдердин кесепетинен мамлекетке ири суммада зыян келтирилген. Мунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан 12-октябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, баш прокурордун буйругу менен алар ээлеген кызматынан бошотулган. “Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат жана жакынкы күндөрү канча прокуратура кызматкери жоопко тартылары маалым болот”, - дейт К. Сабыров. (ES)

XS
SM
MD
LG