Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Эки президенттин үй-бүлөсүн "үйрөткөн", анан түйшөлткөн компаниялар


"Манас" аба майданындагы АКШ Транзиттик борбору.
"Манас" аба майданындагы АКШ Транзиттик борбору.

"Манас" транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоочу компаниялардын иши бүдөмүк сырга чүмбөттөлгөнүн “Вашингтон пост” жазып чыкты.

"Вашингтон пост" гезити бул макаласында ал компаниялардын көмүскө аракеттерин жарыялады. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоодо утуп чыккан партиялар бул маселе аягына чейин иликтене тургандыгын убада кылышууда.

Роза Отунбаеванын уулу Атайды калканч кылуу аракети

“Вашингтон пост” гезити "Манастагы" америкалык транзиттик борборду авиа керосин менен камсыздоочу Mine Corp жана Red Star компанияларынын Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте коррупциялык иштерге аралашкандыгын жазып чыкты. Ага бажы төлөмдөрүн жана салыгын төлөбөстөн ТС-1 сортундагы авиа керосинди жергиликтүү компаниялардан сатып алып, транзиттик борборду камсыздап келгендиги мисалга келтирилген. Аталган компаниялар аны өз кезегинде жеңилдетилген шартта Россиядан ташып келип, тоскоолдуксуз өткөрүп турушкан.

Бул компаниялардын кожоюну америкалык Дуглас Эдельман Кыргызстандагы ишкердигин гамбургер жасап сатуудан баштап, 2001-жылдан баштап АКШнын "Манас" аба майданындагы авиа базасын күйүүчү май менен камсыздоого өткөн. Ал алгач мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев жана күйөө баласы Адил Тойгонбаев менен өнөктөш болсо, 2005-жылдан кийин Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен кызматташкандыгы айтылат. Президенттердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көмөгүнө көнүп калган аталган компаниянын кожоюну Дуглас Эдельмандын өкүлдөрү жакында Түркиянын Стамбул шаарында азыркы Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго жолугушуп, аны калканч катары пайдаланууга аракет кылышкан. Бирок “Вашингтон пост” гезити баяндагандай жолугушуу жыйынтыксыз аяктаган.
Россиядан бажы төлөмдөрү жок Кыргызстандын өзүнүн гана ички керектөөсүнө багытталып келген күйүүчү майдын кайсы бир бөлүгүн транзиттик борборго жөнөтүп турушкан. Муну Россия байкап калып, жогорулатылган бажы төлөмдөрүн киргизип койду.
А. Бешимов

АКШ Сенаты иликтөө ишинен илинчек таба алган жок

"Вашингтон пост" гезити мына ушул көмүскө бизнестеги көрүнбөгөн жагдайды иликтөөгө алган АКШ Сенатынын ишинин натыйжасыздыгын сынга алган. Анда ташылып келип жаткан күйүүчү майдын ортомчулар аркылуу сатып алуунун жана
ортодогу айрымачылыктардын жыйынтыгы боюнча ишенимдүү жооптордун жоктугу күмөн саноону жаратаары айтылган.

Кыргызстандагы “Келечектин долбоору” коомдук корунун жетекчиси Аскар Бешимов Сенаттын бул боюнча турумун акыйкатсыздык катары айыптады:
Аскар Бешимов

- Эң кызыгы Сенат апрель окуясынан кийин иликтөөлөрдү баштаганын жарыялаган. Бирок ушул кезге чейин ошонун бир жыйынтыгын расмий чыгарган жок да. Сенаттын мүчөлөрү жөн эле эч бир аргументтер менен бекемделбеген пикирлерин айтып койушту. Алар мындай коррупция болобу, жергиликтүү элдин нааразычылыгы орун алдыбы, ал нерсе биринчи орунда эмес экендигин кайдыгерлиги менен көрсөтүп жатышат. Аларга башкы максат эптеп база иштеп турса эле болду экен. Эми ал жерде коррупция болгондугу үстүртөн караган көзгө деле урунуп турбайбы. Россиядан бажы төлөмдөрү жок Кыргызстандын өзүнүн гана ички керектөөсүнө багытталып келген күйүүчү майдын кайсы бир бөлүгүн транзиттик борборго жөнөтүп турушкан. Муну Россия байкап калып, жогорулатылган бажы төлөмдөрүн киргизип койду. Анын кесепети жөнөкөй кыргызстандыктарга тийип жаткандыгын жон терибиз менен сезип жатпайбызбы.

7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоо тармагындагы көмүскө иштер жөнгө салына тургандыгын жарыялаган. Мындан улам АКШнын Сенаты иликтөө иштерин баштаган болчу. Бирок алты айдан бери аталган иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий баяндама болгон жок. Бирок Кыргызстанда шайлоодон утуп чыгып, парламент курамын түзө турган партиялар мындай үстүрт караган кайдыгер мамиле менен макул эмес.

“Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, ага чекит койулат деген пикирде:
Эмил Алиев

- Бул маселе Кыргызстандагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Биз аны парламенттин кароосуна сөзсүз алып чыгабыз. Аталган америкалык база орногондон бери андагы күйүүчү май менен камсыздоо ишкердиги, же жер ижарасы боюнча ал бийликте турган тар чөйрөнүн гана кызыкчылыгына иштеп келгендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан бийликтегилер тамагынан илингендиктен көп маселени ачык айтып койуша алышкан эмес. Бул жерде өтө олуттуу маселелер бар.

“Газпромго” таянган кыргызстандык компаниянын түзүлүшү куру кыялбы?

Буга чейин президент Роза Отунбаева АКШдагы иш сапары учурунда транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоодо орусиялык “Газпромдун” катышуусундагы мамлекеттик ишкана түзүүнү сунуштаган. Муну менен мамлекет башчысы мурдагы коррупциялык жолдорго бөгөт коюлуп, мамлекеттик казынага күйүүчү май менен камсыздоодон эле 200 миллион доллардан ашуун каражат түшөөрүн белгилеген.

Бирок талдоочу Аскар Бешимов Пентагон “Газпромдун” катышуусундагы компания менен кызматташууга макул болбойт деп эсептейт:

- Азыр абдан тыгыз байланышта Кыргызстандагы негизги саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жаңы парламент келгенде өкмөт куралса анан бул иштер боюнча бир жактуу жыйынтык чыгат. Пентагон президент Отунбаева сунуштаган күйүүчү май менен камсыздоочу “Газпром” менен биргеликтеги мамлекеттик ишкана түзүүгө макулдук бербейт. Себеби андай көз карандылыкка алар барбайт. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мурдагы эле компаниялардын келишимдери узартылып, сакталып калышы күтүлөт.

Буга чейинки келишимдин жетишкендиктери

Ошол эле учурда мурдагы Жогорку Кеңештин мүчөлөрү америкалык жүк ташуучу транзиттик борбор боюнча 2009-жылы кабыл алынган келишимде бир катар өзгөртүүлөр киргизилгендигин белгилешти.

Парламенттин мурдагы чакырылышынын депутаты Ибрагим Жунусов аскер аба базасынын макамы өзгөртүлгөндөн кийин Кыргызстандын пайдасын көздөгөн шарттар кабыл алынганын айтат:
Ибрагим Жунусов

- Аскер аба базасынын макамы жүк ташуучу транзиттик борбор болуп өзгөртүлдү. Ижара акысы 17 миллиондон 60 миллион АКШ долларына көтөрүлгөн. Азыркы иштөө тартиби мурдагысына караганда бир кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн. Мурда мисал үчүн андагы америкалык аскерлердин дипломатиялык кол тийбестиги жана курал көтөрүп сыртта жүрүүгө укугу болгон болсо, кийинки жаңы макулдашуунун негизинде анын бардыгы алынып салынды. Негизинен биз эки тараптуу пайдалуу долбоор абалына келтирилгендигине көзүбүз жеткенден кийин гана аны колдоп бергенбиз.

Быйыл 30-апрелде күйүүчү майды ташып келип, негизги ортомчуларга өткөзүп жүрүшкөн кыргызстандык алты компанияга карата кылмыш иши козголгон. Бирок башкы прокурор Кубатбек Байболов аталган кылмыш иштеринин жыйынтыгы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG