Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстан: Машыгуу базалары, Кремль иллюзиясы...


Бишкектеги "Манас" авиа базасы.26-февраль, 2009-жыл.
Бишкектеги "Манас" авиа базасы.26-февраль, 2009-жыл.

АКШ өкмөтү мындан мурдараак Токмокто Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскердик машыгуу базасын курууга көмөк кылган. Эми АКШ ошол сыяктуу эле аскердик машыгуу борборун Баткенде да курууга көмөк кылмакчы. Ал арада АКШ менен Кыргызстандын мындай жакындашуусунан Москва менен алака бузулаары тууралуу пикирлер да айтылды. Бирок бул жоромолду жергиликтүү адистер четке кагат.

Ал арада АКШ менен Кыргызстандын мындай жакындашуусунан Москва менен алака бузулары айтылууда.

АКШ баш болгон эл аралык коалициялык күчтөр “Манас” аба майданында аскерий база ачкандан бери алардын дарегине абдан көп сындар айтылды.

Көбүнчө андай сындарды Орусия каржылаган маалымат каражаттары көтөрүп, Ооганстанга жүк ташууда колдонулчу азыркы транзиттик борборду “маң заттарын ташыйт”, дегенден баштап “террорчуларды даярдайт” дегенге чейин айыптоого үлгүрүштү. АКШнын ырасмий өкүлдөрү менен ырасмий Бишкек андай сөздөрдү ар качан төгүндөп келатышат. Талдоочулар болсо мындай сөздөрдү ири империялардын маалыматтык согушунун учкундары катары да баалашат.
Кыргызстандын АКШ менен базаларды куруу боюнча макулдашуусу же демилгеси – бир эле учурда Орусияга да, Кытайга да чакырык таштайт.
А. Князев

Жакында эле Дубайдан келаткан кыргызстандык компаниялардын бирине таандык учак Иранда күч менен кондурулуп, ичинен Бишкекке бараткан террорчу Абдулмалик Риги кармалганы тууралуу маалымат тарап, Ирандын маалымат каражаттары “Кыргызстандагы АКШнын аба базасы террорчуларды даярдайт” деп айыпташкан эле.

Эми Баткенде машыгуу борбору курулуп атканы тууралуу маалыматтан кийин кайрадан Орусия каржылаган маалымат каражаттары чуу көтөрө башташты.

Орусиялык саясий серепчи Александр Князевдин пикиринде, Кыргызстан өз аймагында АКШнын аскерий базаларын кеңейткенге мүмкүнчүлүк берип атканы биринчи кезекте Москва менен Бээжинди тынчсыздантат. Абал ушул тейден улана берсе Кремль Кыргызстанга жана анын миңдеген мигранттарына карата катаал чараларды колдонушу да мүмкүн:
А.Князев

- Менин оюмча, бул (Токмоктогу, Баткендеги машыгуу борборлору) – кыргыз бийлигинин беш жыл аралыгындагы эң эле жоопкерчиликсиз иши. Менин оюмча бул боюнча кырдаал дагы да курчуйт. Анткени Кыргызстандын АКШ менен базаларды куруу боюнча макулдашуусу же демилгеси – бир эле учурда Орусияга да, Кытайга да чакырык таштайт.

Аскерий көз караштан алганда, Кыргызстандагы АКШнын кандай базасы болбосун Орусиянын кызыкчылыктарына коркунуч туудура албайт.

Орусия ар дайым бул чөлкөмдө артыкчылыкта болот. Бул жерде Орусиянын кыжырын келтирген нерсе маселенин саясий жагы болуп турат. Ушундан улам Кыргызстанга инвестиция кылуу токтотулууда.

Биз Орусия стратегиялык өнөктөш деп айтканыбыз менен алар эмне жардам кылып коюптур. Жанагыдай коркуткан саясаттан башка эч нерсе жок болуп атпайбы.
О. Молдалиев

Кыргызстандык белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Орусия эмнегедир ич күйдүлүк кылып АКШнын Кыргызстанга берген жардамдарынан да кыр издеп келатат. АКШ куруп берип аткан аскерий машыгуу борборлору эң эле керектүү нерсе экенине токтолгон талдоочу, Кыргызстан баардык мамлекеттер менен ынтымакта болуп, ошол эле кезекте Орусия сыяктуу мамлекеттин алдында чөгөлөбөй, бүжүрөп коркпой эле башка күчтөр менен да ишенимдүү кызматташа билүүсү керектигин айтат:
О.Молдалиев

- Баланча жаман көрөт, түкүнчө жаман көрөт деп жасалбайт саясат. Мамлекеттин кызыкчылыгы эмнеде, ошого карап жүргүзүлөт мамлекеттин саясаты. Маселен биздин коопсуздугубузга кепилдик жок. Казакстан андай кепилдикти алып алган 1993-жылдары. АКШ кепил болуп, Орусия да макул болгон.

Биз болсо Орусия стратегиялык өнөктөш деп айтканыбыз менен алар эмне жардам кылып коюптур. Жанагыдай коркуткан саясаттан башка эч нерсе жок болуп атпайбы. Бул – неоимпериялык, империялык саясат.

Ошондой эле талдоочу О.Молдалиевдин пикиринде, Орусия өзү АКШ баштаган мамлекеттер, аскерий уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.

Бирок Кыргызстандын ошол өлкөлөрдөн аскерий жардам алып, кызматташуусун каалабаганы таң калдырат. Андыктан бул өлкөнүн империялык амбициясына, Кыргызстанды деле өз аймагы сыңары башкаргысы келгенине карабоо керек.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш кызматы билдиргенге караганда, учурда Баткенде АКШ каржылаган аскерий машыгуу борбору курулууда. Токмоктогу база сыяктуу эле Баткендеги машыгуу борбору да Кыргызстандын күч органдарынын карамагына берилип, ал жакта өлкөнү террор көйгөйүнөн сактоо үчүн аскерлер даярдалмакчы.

Орусиялык талдоочулар буга ишенбей, “АКШ аскерлери өздөрү келип алат” дешкени менен бир катар талдоочулар муну “Орусиянын иллюзиялык илдети” катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG