Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Иранда токтотулган кыргыз учагы жана чаташкан маалыматтар


Иранда кыргыз учагынан кармалды делген Абдулмалик Риги, 23-февраль, 2010-жыл.
Иранда кыргыз учагынан кармалды делген Абдулмалик Риги, 23-февраль, 2010-жыл.

Кыргыз коопсуздук кызматы Иранда кармалган Абдулмалик Ригиге эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө. Бүгүн Ирандын ПрессТВ агенттигине таянган айрым ММКлар 23-февралда Иранда кармалган Ригини Кыргызстандын атайын кызматтарынын кызматкерлери коштоп жүргөнүн кабарлашкан эле.

“Жундаллах” террордук уюмунун лидери деп айтылып жаткан Абдулмалик Риги “Кыргызстан” аба компаниясынын учагынан кармалган деген маалыматтар чындыкка дал келбестигин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги буга чейин билдирген. Анда ошондой эле Дубайдан Бишкекке багыт алган учактын Ирандын күч кызматтары тарабынан токтотулуш себебин аныктоо үчүн Тегерандагы элчи Медеткан Шеримкулов Ирандын тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, ирандык аткаминер өз кезегинде болгон иш үчүн кечирим сураганы тууралуу да жазылган.

Бүгүн дүйнөлүк маалымат каражаттары бул маалыматтарга кайчылаш кабарларды чагылдырып, Ирандын Тышкы иштер министрлиги 1-мартта кыргыз элчисин чакырып, “Жундаллахтын” лидери кыргызстандык учактын ичинен кармалганын далилдеп берүүгө даяр экенин билдиргенин жазып чыгышты. Бул маалыматтардын тагыраагын алуу аракети менен Ирандагы кыргыз элчилигине коңгуроо кактык.

Тегерандагы консул Сагынбек Ибраев бардык маалыматтар Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчылыгы аркылуу гана таратыларын “Азаттыкка” билдирди:

- Биз андай маалыматтарды бере албайбыз. Анын үстүнө сиздер билесиздер, бул жөнөкөй маалымат эмес. Ошондуктан, министрликтен бизге уруксат берилсе, интервью беришибиз мүмкүн. Ага чейин бардык суроолоруңарды Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына бергиле.
Дүйнөдөгү белгилүү маалымат каражаттары Кыргызстандын учагынан террорчу деп шектелген адамдар кармалганын жазып атса, биздин бийлик аны жокко чыгарып жатышы – акылга сыйбаган нерсе.
Ө. Текебаев

Эл аралык коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуя боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бир жумадан кийин гана өз сөзүн айтып, анда дагы “террорчу деп шектелген эки киши Кыргызстанга таандык учактан кармалды” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдиришин айрым саясатчылар кескин сынга алышты.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү ишеничсиз, айрым бир суроолорго жооп болуучу маалымат эмес, тескерисинче көп суроолорду жараткан маалымат болуп калды деген пикирде:

- Дүйнөдөгү белгилүү маалымат каражаттары Кыргызстандын учагынан террорчу деп шектелген адамдар кармалганын жазып атса, биздин бийлик аны жокко чыгарып жатышы – акылга сыйбаган нерсе. Бул ишти мен өлкөнүн тышкы иштер министрлиги мамлекеттин атынан билдирүү жасай турган иш эмес деп ойлойм. Эгерде Кыргызстандын өзүн же Кыргызстандын атайын кызматтарын шек санаса, ушундай жооптосо жарашат эле. КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда Иран тарап кыргыз өкмөтүн дагы шек санап, күнөөлөп жаткандай.

23-февралда Дубай-Бишкек багытындагы кыргызстандык учактан Иранда бир топ жардырууларды жасаган “Жундаллах” террордук уюмунун лидери деп эсептелген Абдулмалик Риги кармалганы кабарланган. Көп өтпөй ал Бишкекке АКШнын “Манас” Транзиттик борборуна келе жатканын, ал жерде АКШнын башкы чалгындоо кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленгенин айтып бергенин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок расмий Вашингтон бул маалыматты жокко чыгарган.

Бүгүн Ирандын ПрессТВ маалымат агенттиги Абдулмалик Ригини Кыргызстандын атайын кызматтарынын кызматкерлери коштоп жүргөн деп жазып чыкты. Бул маалыматты Кыргызстандын коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу шыр эле жокко чыгарды. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча мындай билдирүүгө ишенүү кыйын.
Ал эми кармалган кишинин АКШ базасына байланыштуу айткандары да жок жерден чыгарылган деп эсептейм. Бул базаны террористтик база деп эсептей турган болсо, анда аны далилдеп берсин. Бул чоң чатак чыгаруучу маселе.
О. Молдалиев

Кыргызстандык учакта эл аралык деңгээлдеги коркунучтуу террорчу кармалышы боюнча жергиликтүү талдоочулар түрдүү пикирлерин билдиришүүдө. Айрым пикирлер боюнча, Кыргызстан тирешип келе жаткан АКШ менен Ирандын ортосундагы “чымын” болуп жатат.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев коркунучтуу террорчу деп шектелген адамдын Кыргызстанга таандык учакта кармалышы – Иран бийлиги тарабынан атайын жасалган операция деп эсептейт:

- Иранда шайлоонун алдында жана андан кийин бийликке каршы күчтөр күчтөнүп жатат. Мындай учурларда тоталитардык мамлекеттер ички маселе чыкса сырткы күчтөрдүн таасирине алаксытуу аракетин жасашат. Бул жолу да Иран бийлиги атайын учакта жок адамдарды шылтоолоп, учуп бараткан учакты кондуруп, анан “ошол учактан кармадык” деп эки кишини көрсөтүп, бүтүндөй бир инсценировка жасап жатат. Бул атайын бир уюштурулган шоу экени көрүнүп эле турат. Силер билесиңер, “Жундаллах” деген сунниттердин террордук уюму деп айтып чыгышты, иш жүзүндө андай уюм жок. Бул жерден да түшүнүүгө болот, Иран суниттер деп Кыргызстандагы, Пакистандагы мусулмандарды да жаманатты кылууга аракеттенди. Ал эми кармалган кишинин АКШ базасына байланыштуу айткандары да жок жерден чыгарылган деп эсептейм. Бул базаны террористтик база деп эсептей турган болсо, анда аны далилдеп берсин. Бул чоң чатак чыгаруучу маселе.

Азырынча террорчу деп шектелгендердин Кыргызстандын учагында кармалганы же сырттан кармалганы тууралуу так маалымат жок. КР Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартууда. Окуя болгон учурда басма сөз каражаттарына кеңири маалымат берип жаткан “Кыргызстан” аба компаниясы да акыркы күндөрү мурда айтылгандан башка кандайдыр бир сөз айтууга көнбөй жатышат.

Мурдараак “Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Таалайбек Турумбеков ирандыктар алып калган эки жүргүнчүнү эске албаганда жүргүнчүлөр дагы, компания дагы моралдык, материалдык чыгымдарга кириптер болбогондугун “Азаттыкка” билдирген эле:

- Ирандыктар башында эле кечирим сурашты, желдеткич, суу менен камсыз кылып, кечирим сурашты, түшүндүрүштү ушундай маселелер боюнча тиги кишилерди алып калабыз деп. Анан май куюп берип, жөнөттү.

Дубай-Бишкек багытындагы учак менен Бишкекке 117 жүргүнчү келип түшкөн. “Кыргызстан” компаниясынын башчысынын “Азаттыкка” билдиргени боюнча учакка Дубайдан 119 киши отурган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG