Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Иран кыргыз учагынан террорчу таптыбы?


Ирандын IRIB телеканалы "Жундалла" лидери делген Абдулмалик Ригинин Тегеранга алынып келгенин көрсөттү. 23-февраль, 2010-жыл.
Ирандын IRIB телеканалы "Жундалла" лидери делген Абдулмалик Ригинин Тегеранга алынып келгенин көрсөттү. 23-февраль, 2010-жыл.

23-февралда “Кыргызстан” авиакомпаниясына тиешелүү “Дубай - Бишкек” каттамындагы Боинг учагын Ирандын эки тез учагы Бандар-е-Аббас шаарынын аба майданына мажбурлап кондурган.

Ал жерде Ирандын атайын кызматы суннилердин "Жундалла" уюумунун лидери делген Абдулмалик Риги аттуу адам менен дагы бир жүргүнчүнү учактан түшүрүп калышкан

23-февралда Ирандын “Аль-Аллам” телеканалы Кыргызстандын учагынан сунниттердин “Жундаллах” террордук уюмунун лидери делген Абдульмалик Риги атуу адам кармалганын маалымдашкан. Айрым маалыматтарга карганда, камакка алынган экинчи жүргүнчү анын иниси делип жатат.

Ал эми ушул эле өлкөнүн “Пресс ТВ” телеканалы көрсөткөн маалыматта Ирандын чалгын министри Гейдар Мослехи кармалаардын алдында шектелүүчү АКШнын аскер базасына барып кеткенин, ага чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө болгонун айткан.

Ирандын Кыргызстандагы элчилиги да Абдульмалик Риги аттуу адамдын Кыргызстанга учуп келе жаткан жеринен кармалгандыгын, бирок мындан ашык маалымат элчиликте жок экенин “Азаттыкка” тастыктады. Элчиликтин атын атагысы келбеген кызматкери буларга токтолу:

- Дубай-Бишкек каттамында учактан террористтик топтордун биринин лидери Абдульмалик Риги кармалган. Ушул тапта ал Ирандын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Азырынча элчиликтеги маалымат ушулар гана. Иран ислам өлкөсүнүн бийлиги “Жундаллах” же кыргызчага “Аллахтын аскерлери” деп которулган бул уюмду бир катар ири террордук актылар үчүн айыптап келет.

Ал эми “Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Таалайбек Турумбеков “Азаттыкка” берген интервьюсунда алардын жүргүнчүлөрүн ташыган “Дубай - Бишкек” каттамындагы Боинг-737-300 учагын Ирандындын Бандар-е-Аббас шаарынын аба майданына мажбурлап кондурулгандыгын тастыктады. Таалайбек мырзанын ырысташынча, учакка 119 жүргүнчү отуруп, Бишкекке алардын 117си келип түшкөн. Бирок кармалган адамдардын ким экени, эмне себептен эки адам түшүрлүп калганы тууралуу кенен-чонон маалыматы жок экенин айтты:

- Текшерген адамдар Ирандын атайын кызматтарынанбы же аэропорттун кишилериби - биз билбейбиз. Кармалган адам да террористпи, жокпу - андан да маалыматыбыз жок. Биз алардын Кыргызстандын жараны эмес экенин гана билебиз. Биз жүргүнчүлөрдү гана ташыйбыз. Иранда биздин учакты бүт карап чыккан. Кыргызстанда да биздин атайын кызматыбыз да текшерип чыкты, эч нерсе тапкан жок. Азыр Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ирандын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп жатат. Бири-бирине нота жөнөтүп, учакты кондурган себебин тактап жатышат.

Ушул тапта бир катар чоң террористтик иш аракеттерге катышкан бул уюмдун лидеринин Кыргызстанга келе жатышы да бир топ суроолорду жаратууда. Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, террористтердин Кыргызстанга келип, кандайдыр бир операция жасашынын зарылчылыгы жок экенин белгилейт. Анын баамында, алардын башка максаты болушу мүмкүн.

- Менин оюмча, азыр террористтердин активдүү фазасы операцияны өткөрүшкө эч кандай шарты жок болуп жатат. Алар азыр көп мамлекетке жайылып кеткен. Бирок сөзсүз эле террордук акт жасаш үчүн эмес, өздөрүнө күч тартуу максатында келе жаткан болушу мүмкүн.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынан алынган маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар деп “Түркстанды бошотуу уюму”, “Түштүк Түркестан жана ислам партиясы”, “Ислам Түркстан партиясы”, (ИДУ) “Күрд элдик конгресси”, “Аль-Каида”, “Талибандардын кыймылы”, ошондой эле “Хизб-ут-Тахрир” уюму катталган. Ал эми өздөрүн “Алланын аскерлери” эсептеген “Жундалла” уюму Кыргызстанда катталган эмес.

УККнын басма сөз кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулунын айтымында, Иранда Кыргызстандын учагынан кармалган Риги тууралуу маалымат азырынча келе элек.

- Ыкчам түрдө иштеп жаткандыр. Бирок пресс борборго андай маалымат келе элек.

"Жундаллах" тобу Ирандын шийи жетекчилигин суннилерди дискриминациялады деп айыптап жүрөт. Уюм өлкөнүн түштүк-чыгышында орун алган бир нече кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Иран бийлиги массалык маалымат булактарына, суннилердин "Жундалла" козголоңчу тобунун "террордук иш-аракеттерине" АКШ жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү көмөктөшүүдө деген жүйөөлөрүн айтып чыккан.

Аталган уюм 2002-жылы Ирандын түштүк-чыгышындагы этникалык азчылыкты коргоо максатында түзүлгөнү айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG