Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Мелис Мырзакматов: Ошту кайра куруп чыгыш керек


Оштун мэри Мелис Мырзакматов.
Оштун мэри Мелис Мырзакматов.

Оштун мэри Мэлис Мырзакматов шаарды калыбына келтирүү иштери туура эмес жүргүзүлүүдө деп эсептейт.

Эки айдан бери эс алууда жүргөн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 3-ноябрда жумушка чыкты. Ал өзүнүн аппараты жана шаар жетекчилери менен жыйын куруп анда Ош шаарын калыбына келтирүү иштери туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын, улут аралык кагылыш кайталанышы мүмкүндүгүн жана элдин колунунан курал-жарак алына электигин ачыктады.

Шаар башчысы өзүнүн аппараты жана шаардагы мекеме жетекчилери менен жыйын курганы кирип баратып, журналисттердин азыноолак суроолоруна жооп берди. Узак эс алуусу тууралуу берилген суроого ал жайкы оор күндөрдөн бери эми гана үй-бүлөсү менен узак эс алууда болгонун, алдыдагы максаттарын ишке ашырууда бул оор үшкүрүк экенин ачыктады.

Негизинен Мелис Мырзакматов июнь окуясынан кийин өкмөт менен болгон пикир келишпестиги Ош шаарын кайра куруу маселесинен келип чыкканын билдирди. Башкача айтканда Мырзакматов башында турган топ сунуштаган долбоор боюнча үйү күйгөндөргө башка жерден жай берилип, ошол жерге жаңы тамдарды салуу сунушу борбордон колдоо тапкан эмес:

- Ошол 1950-60-жылдары маале тибинде жайгашкан үйлөр бирөөсүн өрттөсө четинен күйүп кеткен. Азыркы салынып жаткан үйлөр да куду ошондой эле жагдайда түшүп жатат. Кудай сактасын, газдан авария болобу же дагы башка кокустук болуп калса дагы баары күйүп калат. Техникалык өкмөт менен пикир келишпестик ушундан улам чыккан. Биздин вариант таптакыр башкача болчу. Жабырлануучулар тандоо укугуна ээ болушу керек. Биз алты жарым миң гектар жерди сураганбыз. Ошол таптакыр жаңы аянтка салынмак. Анан тамсыз калгандарга калоосуна жараша бөлүштүрүлмөк.

Ошол эле учурда Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра куруу боюнча мамлекеттик дирекция учурда жүргүзүлүп жаткан кайра куруу иштери, эл аралык уюмдардын сунушун эске алуу менен убактылуу өкмөттүн чечимине жараша өз ордуларына курулуп жатканын маалымдоодо. Себебин дирекция аз убакытта башка жайга там салуу аракети жабыркагандарды кышында сыртка калтыруу менен барабар деп түшүндүрүүдө.

Мелис Мырзакматов ошондой эле Ошто көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын сынга алды:

- Күйүп жаткан отту күл менен жаап койгондой эле болдук. Улут аралык кагылыш дагы кайталанышы мүмкүн. Учурда көз боёмочулук болуп жатат. Шаарды аралаш улут кылып бөлөктөп куруп чыгыш керек. Маалелерде анклав болуп бекинип отургандарга же атайын кызмат кире албайт, же милиция каралай албайт. Тазаладык деп мактанат. Балеени да тазалаган жок. Эки миңден ашуун автомат элде турган болсо ошол бойдон калып жатат.

Ал эми ички иштер башкармалыгы буга чейин Ош шаарында элден курал-жарактарды кайтарып алуу иштери дээрлик бүтүп калганын, бул иш чарага борбордон жана башка облустардан кошумча күчтөр тартылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG