18-кылымга таандык Кытай вазасы Лондондогу аукциондо 69 миллион доллардан ашуун акчага сатылды. Цянлун императорунун доорунда жасалган фарфор вазасынын бийиктиги 40 сантиметр. Ага гүлдөрдүн, балыктардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Мурда императорлук сарайда турган ваза Лондондун четиндеги жөнөкөй үйдө табылган. Ал Британияга кандайча келип калганы белгисиз. Айрым божомолдорго ылайык, вазаны 1930-жылдары англиялык үй-бүлө сатып алган.