Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Залкар кинорежиссердун көөнөрбөс элеси


Чет жердеги кыргыздын публицист кызы Гүлсана Сарногоева. Рим ш., Италия. 2010-ж.
Чет жердеги кыргыздын публицист кызы Гүлсана Сарногоева. Рим ш., Италия. 2010-ж.

Учурда Италияда байырлаган мекендешибиз, публицист Гүлсана Байдылда кызы Сарногоева кыргыз киносунун алтын доорунун түзүүчүлөрүнүн бири, ыраматылык кинорежиссер жана коомдук ишмер Төлөмүш Океевдин жаркын элеси тууралуу чакан эскерме баянын сунуштайт.


Өтө карапайым инсан эле


Айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев (1935-2001) менен 1992-жылы таанышкам.

Окууну жаңыдан Москвадан бүтүп келип, эптеп кино тармагына кирсем деген үмүт менен Төлөмүш Океев жетектеген “Келечек” киностудиясынын босогосун аттагам.

Аттагандан мурун абдан терең ойго баткам: “Барсамбы же барбасамбы?” деп.

Мунун өзгөчө себеби мен Төлөмүш агай менен бетме-бет сүйлөшкөндөн тартынып, ал кишини өтө сырдуу деп ойлогом.

Экинчиден атагы чыккан кинорежиссер, ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан жасаган ишинин абдан көптүгүнө байланыштуу оңой менен элди кабыл албайт го деп ойлогом.

Бирок так эле мен барган күнү элдерди кабыл алып жаткан убагы экен.

Убактым келгенде саламдашып кирсем белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев менен отурган экен.

Мени көрүп, жылмайып: “Кир, отур”, - деди.

"Сырдуу киши" деген Төлөмүш агай абдан ак көңүл экени байкалды.

Үнүмдү акырын чыгарып баштадым:

“Кечирип коюңуз, быйыл режиссердук бөлүмдү аяктап келдим эле, эгер сизде орун болсо, иштейин дедим эле”, - деп.

Мени карап туруп:

“Жакшы, менин жардамчы секретарым болуп иштеп көр, аты-жөнүң ким болот?”, - деди.

Анда мен "Сарногоева Гүлсана" деп атымды айтсам эле:

- Байдылданын кызысыңбы? Окшоп да турасың”.

“Ооба”, - деп башымды ийдим.

Анда агай:

“Мен атаңды да, апаңды да тааныйм. Апаң менен №5 мектепте окугам. Эми сен менин жардамчым болуп иштеп көр. Сенин иштегениңди байкайын. Эгер жакшы иштесең, анда алдыга жыласың”...

Ошентип Төлөмүш агайдын катчысы (секретары) болуп иштеп баштагам.

Ишке дыйкан инсан

Ал кишинин ишке болгон мамилеси, жөндөмү боюнча кыскача баяндап кетейин.

Иш жүзүнө киришкенде бүт күчүн аябай эртели-кеч иштечү эле.

Бир ишти жакшылап аягына жакшылап жеткирмейин жаны тынчу эмес.

Ишти жакшылап бүткөндөн кийин: “Өх! Жыргай түштүм...”, - деп отура калчу.

Эдисон айткандай: “гений – бул бир пайыз шыктануу жана 99 пайыз мээнет тер төгүү” (Гений — это 1% вдохновения и 99% пота [1% inspiration and 99% perspiration]).

Кабылдамасына жазылгандар да, жазылбагандар да күн сайын үзгүлтүксүз келип турушчу, ошолордун баарына аз болобу, көп болобу жардам бергенге аракет кылчу.

Айкөл жана берешен

Чет мамлекетке кинофестивалга барып келгенде баарыбызга белек алып келчү эле.

Бир жолу Италияга өмүрлүк жолдошу Жумаш эже менен барып келип, мага Рим шаарынын символу бар жоолук алып келип тартуулашкан.

Ошол жоолукту мен Италияга келип жашап калганымда да кошо ала келгем.

Ал жоолукту салынганымда Төлөмүш аганы жана абдан мээримдүү, акылдуу Жумаш эжемди эстеп кетем.

Элдин нагыз өкүлү

Бул эскерүүнү жазып отурсам 20 барактан ашып кеткендей, ошондуктан бир аз эле кээ бир маанилүү нерсеге токтолуп кетейин.

Төлөмүш агай Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда элдердин турмушун жакшыртыш үчүн абдан күрөшкөн.

Эч нерседен тайманбай бетке айткан киши эле.

Бир жолу “Кара бозүй” аттуу документалдуу тасма тарткан.

Ал тасмада чабандардын кыйын ахыбалда жашаганын чагылдырып көрсөткөн.

Чабандар абдан оор жана жооптуу иш кылышат, анан жашаган үйлөрүндө эч кандай жакшы шарттары жок.

Алардын жашоо-турмушун оңдогонго өкмөт аракет кылышы керек деген мааниде...

Ошол тасма эфирге чыккандан кийин көп элден кат келип, Төлөмүш агайга абдан чоң ыраазычылыгын билдиришкени эсимден кетпейт.

Төлөмүш агайдын тарткан тасмаларын жана анын алтруисттик сапатын барктаган, сыйлаган миңдеген адамдар бар жана ал кишинин аты эл ичинде түбөлүккө жашап кала берет...

Мүрзөлөрү жакын залкарлар

Мен Бишкекке барганымда дайыма “Ала-Арча” көрүстөнүнө атамдын мүрзөсүнө барып, көпкө чейин отурам.

Так эле атамдын мүрзөсүнүн жанында Төлөмүш агайдын мүрзөсү бар.

Эсимде, мындан 18 жыл мурун Төлөмүш агай Маевкадан дача сатып алганда мага айткан:

“Ылдый жакта бир үй сатылып жатат. Байдылда сатып албайбы, кошуна болот элек?”, - деп.

Акча тартыш болгондуктан, атам ал үйдү сатып ала албай калган.

Жылдар өтүп, атам да, Төлөмүш агай да аркы дүйнөгө кетишип, аркы дүйнөдөн кошуна болуп жатып калышты...

Көрсө, ар нерсенин өзүнүн убагы болот тура.


Гүлсана Байдылда кызы Сарногоева.
XS
SM
MD
LG